Жаңы чыккан дарбыз-коондордун канчалык деңгээлде коопсуздугу бар?

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2018 01:00

Жаңы чыккан дарбыз-коондордун канчалык деңгээлде коопсуздугу бар?

17 Калаа тургундарынын айрымдары жер жайнаган дарбыздарды жегенден кооптонуп жатканын айтышууда. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Рахат Садырбекованын айтымында, базар жана дүкөндөрдөгү дарбыз-коондордун бардыгы күнүгө текшерилип жатат.

Май айында чыккан дарбыздар чындыгында кооптуу болчу. Азыр жергиликтүү дыйкандардын мөмө-жемиши бышып, Бишкекке Шамалды-Сай, Жалал-Абаддан алып келинүүдө. Кызматкерлер күн сайын түнкү саат 2-3төн баштап калаанын «Ош», «Аламүдүн», «Орто-Сай» сыяктуу ири базарларындагы дарбыздардын нитратын текшерип жатышат. Бирок жайма базарлардагы, көчөлөрдө жана арабага коюп саткан мөмө-жемиштерге кепилдик бере албайбыз. Себеби алар эч кандай уруксат кагазы жок эле сатылып жатат», — деди Садырбекова.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Мухамад Мурзашев калаага алып келинген дарбыздардын нитраты нормадан жогору эмес экенин айтты.

Даамдуу дарбыз тандоо эрежелери:

«Азыр мөмө-жемиштер өзүбүздүн аймактарда деле бышып калды. Анын бардыгын партия болуп келген сайын текшерип турабыз. Негизи коон-дарбыздын түзүмүндө нитраттын көлөмү 60тан ашпаш керек. Жакында эле 49 коон-дарбызды атайын лабораторияга алып барсак, нитраттын көлөмү нормада экен. Мындан сырткары чоң, орто, чакан базарларда жана супер маркеттердеги мөмө-жемиштерди текшерген атайын лабораториялар иштейт. Алар күн сайын баарын көзөмөлдөп турат», — деди Мурзашев.

Ал керектөөчүлөр коон-дарбыздан ууланбашы үчүн башка дагы эрежелерди билүүсүн эскертти:

-коон-дарбызды күн тийбеген көлөкө жана текчеде коюлган жерден сатып алуу зарыл;

-сатып алгандан кийин сөзсүз түрдө тазалап жууш керек;

-дарбыз кокус артып калса сөзсүз түрдө бетин жаап, муздаткычка сактаган оң;

-эки-үч күн кесилип туруп калган дарбызды жебеш керек;

-колду таза жууп жеген жакшы.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2018 01:00

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина