Ж.Разаков: Эч кандай коридор, статус берилген жок

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 22, 2019 11:51

Ж.Разаков: Эч кандай коридор, статус берилген жок

14 Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасындагы макулдашуу боюнча маалымат берип, анда кээ бир серепчилер тарабынан айтылып жаткан коридор берилди деген маалыматты четке какты.

“Мен окудум, Исфара-Ворух жолу боюнча жаштар жана серепчилер арасында өздөрүнчө кооптонуу болуп жатат. Исфара жолдун 1-пункту болсо, Ворух 2-пункт, ортодо бир пункттан экинчи пунктка жетүү үчүн үч жолу Төр-Терек, Таш-Тумшук, Ак-Сай аттуу кыргыз территориясын кесип өтөт. Ошондуктанкээбирсерепчилер коридор берилдидегенойдуайтыпжатышат. Эчкандай коридор, эчкандай статус берилгенжок. Ак-Сайдынсыртынанкурулупжатканжол — жеңилдикберүүчүкошумчажол, булжердебардыгымыйзамчегинде, бардыгынталдап, макулдашып, ушундайчечимгекелдик”, -дедиРазаков.

«Белгилеп кетейин, Тажикстандын жарандары Ворух айылына кириш үчүн Аксайдын ичинен кошумча жолдор менен кире берет. Ал эми Аксай –Тамдык жолун айтып коеюун, бүгүнкү күндө Ворух айылынын үстү жагында Киревшим деген жайлоо бар, ал жакка биздин Баткен районунун үч айыл аймагы малын алып чыгат. Бул Ак-Сай, Актатыр, Самаркандек айыл аймактары, жалпысынан алганда 65 миңден ашуун мал-жан чыгат экен. Азыркы күндө жайлоого чыгуу үчүн Ворух айылы боюнча бир гана жол бар. Албетте, булжаз-күзболотурганиш, бирок, кандайдырбиркыйынчылыктар бар. Ошонүчүнбизайылгакирбейайланып, Аксай-Тамдыкжолунсалалы, үчайылаймагынынаймагынайланып, жайлоолоргобаралыдепсунуштаганбыз”,- дедиРазаков.

Ошондой эле Жеңиш Разаков кыргыз тараптын кызыкчылыгы каралбай калды деген пикирлердин туура эместигин белгилеп, протокол жарыяланарын, анда эч кандай сыр жок экендигин айтты.

“Протокол боюнча менин кесиптешим, Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим пункттары боюнча бүт айтып берди, эч кандай жашыруун нерсе жок, бул боюнча массалык маалымдоо каражаттарынын баарына чыгып жатат”,-деди вице-премьер-министр.Кошучалай кетсек, кийинки жыйын Дүйшөмбүдө 4-5-апрелде өтөт. Анда делимитация, демаркация маселелерикаралат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 22, 2019 11:51

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина