Өзбекстан менен Түркмөнстандын аймагын туздуу бороон каптады

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 29, 2018 08:59

Өзбекстан менен Түркмөнстандын аймагын туздуу бороон каптады

2 Түркмөнстандын Дашогуз жана Лебап аймактарын кум аралаш   туздуу бороон каптады. Катуу шамал Өзбекстандын Арал деңизине жакын жерден, Каракалпакстандын аймагынан башталганы кабарланууда. Өзбекстандын Хорезм, Бухара жана Навои облустарында да ушундай бороон көтөрүлгөн. Бул облустар Түркмөнстандын Лебап облусу менен чектешет.

Кум, туз аралаш бороон каптаган Түркмөнстандын дагы бир облусу — Дашогуз экологиялык шарттары оор аймак катары белгилүү. Арал деңизинин кургап калышынын ириде ушул аймакка кесепети көп тийген. Аймактын топурагы шор жана суу запасы да жетишсиз.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 29, 2018 08:59

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина