Өзүңүздү жугуштуу эмес оорулардан сактаңыз!

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 19, 2019 14:08

Өзүңүздү жугуштуу эмес оорулардан сактаңыз!

8 Өлкөбүздөгү оор социалдык-экономикалык жагдайга байланыштуу тышкы жана ички миграция жылдан жылга өсүп, анын тескери таасиринен улам коомдо ар кандай жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар кулач жаюуда. Көр оокаттын айынан кыйналгандар ооруканага алты айда же бир жылда бир жолу барып текшерилүүдөн өтүүнү унуткарып коюшкан. Бул көрүнүш кадимкидей адатка айланып, бир жери ооруп турса да дарыга, да көрүнгөнгө да акча төлөйм дешип, оорунун өзү өтүшүп кеткенче кайрылгандар да жок эмес. Жыл сайын ар кандай ооруга каршы жаңы дарылар чыкса, андан өтүп жаңы оорулар да улам пайда болууда. Азыркы учурда оорунун түрү улам көбөйүүдө. Атүгүл жыл өткөн сайын оорулар  жашарып бара жатканын статистикалык маалыматтар тастыктап турат.

Чүй жергесиндеги бейтапканаларда кезекте жаңы төрөлгөн ымыркайдан тартып улуу курактагы ооруган адамдарды көп кезиктирүүгө болот. Мында кайрылган бейтаптардын басымдуу бөлүгү оорусун күчөтүп жибергендер. Кайсы жерде кандай шартта жашасаң да эң биринчи  кезекте өзүңдүн ден соолугуңа көңүл бурганың өзүң үчүн пайдалуу. Жаңыдан турмуш жолун курган жаш үй-бүлөлөр балалуу болууну туура пландап, келечекке күтүүсүз эмес, ойлонуу менен кадам таштоосу зарыл экенин үй-бүлөлүк дарыгерлер тынымсыз айтып келишет. Мындай башаламан жашоого кабылган коомдун ден соолугуна кам көргөн дарыгерлер жыл сайын ден соолукка арналган акцияларды уюштурушуп, түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишүүдө. Быйыл да апрель айына “Өзүңүздү жугуштуу эмес оорулардан сактаңыз” акциясы башталып, жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп, жарандарга медициналык бекер кеп-кеңештерди берип жатышат.

Жугуштуу эмес оору деген эмне деген суроо ар бир окурманда туулушу мүмкүн. Жугуштуу эмес оорулар –  өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар болуп саналат.  Алардын негизги түрлөрүнө: жүрөк кан-тамыр оорулары, рак шишиги, өпкө оорулары жана кан диабети кирет. Адамзатты өлүмгө ушул жугуштуу эмес оорулар алып келет.

Бул акциянын алкагында эркектерди активдүү катышууга чакырган баракчалар таратылып берилди. Себеби, эркектер жугуштуу эмес оорулардын пайда болуусуна көп кабылышат жана алар бул ооруну учурунда олуттуу кабыл алышпай жүрө беришет. Кыргызстанда ар бир экинчи эркек адам тамеки чегип, алкоголдук ичимдиктерди ичишет. Оор жумуштарда иштешип, өз убагында туура тамактанууну эске алышпайт. Өзгөчө фасфут тамактары ашыкча салмакты кошот. Дегеле мырзалардын басымдуу бөлүгү жашылча-жемиштерди жегендин ордуна калориясы күчтүү тамактар менен тамактанышат. Мындай тамактануу жогорку артериялык кан басымды пайда кылат. “Дени сак эркек – өз үй-бүлөсүнүн тиреги” демекчи, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын бактылуу келечегине кам көрүңүз.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча эркектердин жашынын орто узактыгы аялдардыкына караганда 10 жылга аз.

Апрель айында өткөрүлүп жаткан бул акцияга катышкан адамдарды бир гана жугуштуу оорулардан гана эмес, жугуштуу эмес оорулардан да сактанууга чакырышууда.  Ошондон улам  бул акциядан маалымат алуу үчүн  жана канчалык деңгээлде элибиз өз ден соолуктарына кам көрүп жаткандыгына саресеп салуу максатында Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылдык.

Дарыргерлердин айтымында, бул акцияга жергиликтүү тургундар абдан активүү катышып жаткандыктарын билдиришти. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда акысыз кеңештер берилип, ар кандай оорулардан кантип сактанууга болорун, акциянын катышуучуларына терең түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандактарын айтышты.

Ички миграциянын айынан жер которгон жарандарыбыздын көпчүлүгүнүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунда каттоолору жок, туруктуу жумуш орду менен камсыз болбогон үй-бүлөлөр да жок эмес. Ошол себептен жер которгон жарандар кайсы аймакта баш калкалабасын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып, жакындары менен бирге убагында каттоодон өтүүнү унутпаса деген тилекти айтабыз.

Жеке гана өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрбөстөн жакын адамдарыбызга да колдон келген жардамыбызды аябасак. Ошону менен бирге туура тамактанып, ар кандай жарым фабрикаттардан жана газдалган суусундуктардан баш тартуу менен бирге жаман адаттардан арылууга бел байласак.

Билим УЛАНБЕКОВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 19, 2019 14:08

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина