Юридикалык кеңештер

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:13

Юридикалык кеңештер

9 -Мен азыр жашап жаткан үйдүн мурунку ээси 1995-жылы Россияга кеткен боюнча дайыны жок. Ал кетерде үйүн тапшырып жатып «карап тур, балким кайра келип калам» деген кат жазып берген. Мен ошондон бери ал үйгө кожоюн болуп жатам. Жер салыгын төлөйм. Үйдү ремонт кылып жүрөм. Элден сурасам «өзүңө каттатып алганга закон бар» дешет. Ушулсурооможоопберип коесуздарбы?

Салимбай, Токмокшаары

-Сиздин сурооңуз боюнча булл маселени Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 265-беренесине ылайык чечсе болот. Ал беренеде төмөндөгүдөй жазылган:

1.Мүлктүн ээси болуп саналбаган, бирок он беш жыл бою кыймылсыз же бешжыл бою башка мүлктүнээсиминдепөзүнакниеттүүлүкменен, ачыксанаган граждан же юридикалыкжак ал мүлккө (ээликкылуунунэскиргендигибоюнча) ээликкылууукугуналат.

Мамлекеттиккатталуугатийишболгонкыймылсызжана башка мүлккө менчик укугу ал мүлктү сатып алган жакка аны ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу каттоодон өткөргөн учурдан баштап пайда болот.

2.Ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу мүлккө карата менчик укугу алынганга чейин мүлккө өзүнүн менчиги катарында ээлик кылган жак үчүн мүлктүн менчик ээси болуп саналбаган,ошондой эле мыйзамда же келишимдин негизинде башкача каралгандыгына байланыштуу, ага ээлик кылууга укугу болбогон үчүнчү жактан өзүнүн ээлигин коргоого укуктуу.

3.Ээлик кылуусунун эскиргендигине таянган жак өзүнүн ээлик кылуу убактысына өзү укугун мурастап алган жак бул мүлктү ээлеп турган убакыттын бардыгын кошо алат.

4.Ушул кодекстин 289-291-294-статьяларына ылайык, ээлик кылуусунан талап кылынышы мүмкүн болгон жактардын карамагында турган буюмдарга карата ээлик кылууну эскиргендиги мөөнөтү тиешелүү талаптар боюнча доонун эскиргендигинин мөөнөтү өткөндөн мурда башталбайт.

Ошондуктан сиз сотко арыз жазып кайрылсаңыз болот. Эгер арыз жазууда кыйынчылыктар болсо адвокаттарга кайрылсаңыз алар кеңеш беришип,сизге жазып да беришет.

-Мен өзүмдүн чакан цехимди арендага кытайлыктарга бергем.Ортобузда келишим түзүлгөн. Эки жылдай иштетип келишкен. Анан кытайча жаңы жыл болот деп кетишкен ошондон бери жок. Аренда акысы, коммуналдык төлөмдөрдү (свет, суу, таштанды) төлөгөн эмес. Бир-эки жолу телефон чалып келебиз деп,бирок келишкен жок.  Цехти комиссия менен ачсак баары талкаланыптыр. Өздөрүнүн мүлктөрүнө тийбептир. Эми мен аларды кайсы сотко береалам?

Юлдаш, жекеишкер, Аламүдүн району

-Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 370-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун талабы боюнча цехиңиз жайгашкан райондук сотко доо арыз менен кайрылууга акыңыз бар.

-Биз коомдук фонд түзөлү деп ниеттенип жатабыз. Бирок аны кантип түзүүнүн жол-жобосун билбей жатабыз. Мүмкүн болсо аны түзүүнүн жолдорун бизге жакшылап түшүндүрүп, багыт бере аласыздарбы?

Айнагүл, Жээнбүбү, Чүй облусу

-Коомдук фонд Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Ал мыйзамдын негизинде коомдук фонд Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мекемелери тарабынан мамлекеттик каттоодон «бирдиктүү терезе» принциби менен өткөрүлөт.

Юстиция министрлигине арыз жазып, ушул мыйзамдын негизинде башка керектүү документтерди толтуруп тапшырышыңыз керек. Каттоого алууда документтердик аттоочу органга арыз ээси тапшырат. Мыйзамдарда каттоо үчүн документтерди тапшыруунун башка жолдору каралышы мүмкүн. Каттоодон өткөндөн кийин сиздерге мамлекеттик каттоо күбөлүгү тапшырылат.

Мамлекеттик каттоо фонд боюнча 10 күндүн ичинде каралууга жатат. Мамлекеттик каттоо үчүн төлөм акысы да бар экенин эскертебиз. Ошондуктан сиздер фонду тезирээк мамлекеттин каттоосунан өткөрөбүз десеңиз, өзүңүз сурагандай Юстиция министрлигинин же регионалдык башкармалыктарынын юристтерине барсаңыз кеп-кеңештерин айтып, жардамдарын беришет.

 -Майыптыкты аныктоо кандайча жүргүзүлөт?

Аты-жөнүн атагысы келбеген жаран, Кант шаары

-Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды күбөлөндүрүү боюнча учурдагы Жобо кайра иштелип чыгып, толукталып, жаңы кошумча бөлүмдөр пайда болуп, 2012-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №68 токтому менен бекитилген. Учурдагы жобо төрт бөлүмдөн турарын жана алардын аталышы жөнүндө кыскача маалымат беребиз.

1.Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген деп таануу боюнча жобо 20 бөлүктөн турат жана Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу»мыйзамына ылайык, жаранды ден соолугу чектелген деп таануу тартибин жана шарттарын аныктайт. Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам катары таануу медициналык-социалдык экспертиза тармагында атайын укуктуу мамлекеттик орган-аймактык (район аралык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар тарабынан жүргүзүлөт.

 

2.Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар тарабынан өндүрүштөгү кырсык, кесиптик оорулар жана башка жумушун аткаруудагы милдеттерине байланыштуу жабыр тарткан адамдардын кесиптик эмгекке жарамдуулугунун деңгээлин аныктоо тартиби боюнча жобо 12 бөлүктөн турат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өндүрүштөгү кырсык учурунда жана кесиптик оорулардан жабыр тартканадамдардын кесиптик эмгекке жарамдуулук деңгээлин аныктоо милдети медициналык-социалдык экспертиза тармагында атайын укуктуу мамлекеттик органга жана аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларына (МСЭК) жүктөлгөн.

3.Медициналдык-социалдык эксперттик комиссиялар тарабынан кызматынан четтетилген аскер кызматкерлерин жана ички иштер органдарынын кызматкерлерин күбөлөндүрүү тартиби боюнча жобо 22 бөлүктөн турат. Бул жободо Куралдуу күчтөр түзүмүндөгү кызматынан четтетилген аскер кызматкерлеринин Куралдуу күчтөрдүн катарында жаракат (контузия, травма жана башка) алууга байланыштуу жана Куралдуу күчтөр түзүмүндө кызмат өтөп жаткан учурда же Кыргыз Республикасын коргоо убагында уруш талаасында башка аскердик, анын ичинде интернационалдык милдеттерин аткарууда алган жаракаттарына байланыштуу себептик байланышын аныктоо тартиби каралган.

  1. Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар тууралуу жобо 8 бөлүктөн турат. Аталган жобо аймактык принциптин негизинде балдарды жана чоң кишилерди эксперттик тейлөө боюнча, медициналык-социалдык экспертизалоо кызматында мамлекеттик мекемелер системасынын алгачкы баскычы болгон аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларынын ишмердүүлүгүнүн укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт. Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертиза тармагында атайын укуктуу мамлекеттик органдын аймактык алдыңкы түзүмү болуп эсептелет.

 

-Эгерде баккан адамынан айрылып адам каза болсо кандай пенсия чектеп беришет?

К.Исаков, Кемин району

-«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү» мыйзамдын 18-беренесинин негизинде 16 жашка толо элек балдар же андан чоңураак курактагы 18 жашка толгонго чейин майып болуп калган балдар:

Кесиптик, орто жана атайын орто окуу жайларынын окуучулары жана жогорку окуу жайларынын студенттери баккан адамынан айрылганына байланыштуу пенсия алууга 23 жашка толгонго чейин укуктуу, бирок окуусун күндүзгү бөлүмдө окугандыгы тууралуу аныктама керектелет.  Баккан адамынан айрылганына байланыштуу пенсиялардын өлчөмү төмөндөгүдөй:

-багуусунда эки адам болгондо-90 пайызы

-багуусунда үч адам болгондо- 120 пайызы

-багуусунда төрт жана андан ашык адам болгондо-150 пайыз өлчөмдө дайындалат.

 

Данияр ШАБДАНОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:13

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина