Юридикалык кеңештер

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2019 11:01

Юридикалык кеңештер

???????????????????????????????????????????????Суроо-жооп

- Менин келиним уулум менен ажырашып, неберемди алып кетти. Небере менин колумда чоңойгон. Эми кантип кайра алам?

Калиман, Ысык-Ата району

- Сиз өзүңүздүн колуңузда чоңойгон небереңизден ажырап калганыңыз өкүнүчтүү экендигин түшүнүп турам. Ошондуктан, биздин төмөндө берген кеңештерибизди бекем тутуп, мыйзам чегинде гана иш-аракеттерди жасашыңыз керек.

Биринчиден, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө жөнүндөгү кодексинин 66-беренесинин негизинде өздөрүнүн балдарына карата ата-энелер бирдей укукка ээ жана бирдей милдетти (ата-энелердин укуктарын) аркалашарын эсиңизге салабыз.

Экинчиден, ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланы тарбиялоого, алардын билим алышына камкордук көрүүгө, жашына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша анын иш-аракеттерин жетектөөгө укуктуу жана милдеттүү экендигин айтып коёлу.

Үчүнчүдөн, ушул эле кодекстин 69-беренесинин талаптарына ылайык, ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) өз балдарынын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналышат жана кандай болбосун жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде соттор менен болгон мамилелерине атайын ыйгарым укуксуз эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоп чыгышат.

Төртүнчүдөн, баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири аны менен катташууга, тарбиялоого жана багууга катышууга, баланын билим алуу маселесин чечүүгө укугу бар экендиги 71-беренеде көрсөтүлгөн.

Бешинчиден, сиз чоң эне катары, бала менен чоң энеси, чоң атасы, таятасы, таянеси, ага-иниси, карындашы, эже-сиңдиси жана дагы башка туугандары катышууга укуктуу.

Эгер ата-энеси (алардын бири) баланын жакын туугандары менен катташуусуна мүмкүнчүлүк берүүдөн баш тартса, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмү ата-энеси мындай катташууга тоскоолдук кылбоого милдеттендирилет.

Эгер ата-эне (алардын бири) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн чечимине баш ийбесе, баланын жакын туугандары, болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү бала менен катташууга тоскоолдуктарды четтетүү тууралуу доо менен сотко кайрылууга укукту.

Сот талаш-тартышты баланын кызыкчылыгын көздөө жана баланын ой-пикирин эске алуу менен чечет. Эгер соттун чечими аткарылбаса, күнөөлүү ата-эненин бирине жарандык процесстин мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.

Алтынчыдан, ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) баланы өзүндө мыйзамдын негизинде же соттун чечиминин негизине таянбастан кармап турган кандай адам болбосун кайтарып алуу талабын коюуга укуктуу. Талаш-тартыш туулган учурда ата-эне өз укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

Эгер сот баланын ата-энесине кайтарылып берилиши баланын кызыкчылыктарына жооп бербейт деген тыянакка келсе, ушул талаптарды караган учурда баланын ой-пикирин эске алуу менен, ата-энесинин (аларды алмаштырган адамдардын) доосун канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

Эгер ата-энеси да бала колунда турган адам да аны ойдогудай тарбиялай жана өстүрө албай турганы сот тарабынан аныкталса, сот баланы балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзмөлчүлүгүнө өткөрүп берет деп айтылган мыйзамда.

- Мен Мамбетова Шайыр, бала чагынан майып баланын энеси катары пенсия дайындоо шарттары тууралуу кайрылам. Ушул маселени чечмелеп, айтып берсеңиздер…

Чүй району, Ленин айылы

— “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамдын 9-беренесине ылайык, тубаса майып балдары бар, аларды сегиз жашка чейин тарбиялаган аялдар 53 жаштан 20 жыл камсыздандыруу стажы болсо пенсия алууга укуктуу.

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы №10 токтому менен бекитилген “Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин”  тизмесинин 2-пункту боюнча бала чагынан майып баланын энесине пенсия дайындоо үчүн, майып балага берилген МСЭКтин аныктамасы жана аны сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү тарабынан берилген маалыматтар), арыз жана жогорудагы Мыйзамдын 8,22,23-беренелерине ылайык зарыл болгон документтер менен пенсия дайындоо жүргүзүлүүгө тийиш. Ш.Мамбетова 1953-жылы 12-июлда туулуп, 22 жылдан ашык камсыздандыруу стажы бар болгондуктан жана майып балдарынын бала чагынан майыптыгын тастыктаган документтери бар болгондуктан, бала чагынан майып баланын энеси катары пенсия алууга укуктуу.

- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы мен жокто салып жаткан үйүмө келип, мени катыштырбай акт түзүшүп, сотко берип салыптыр. Ал акт түзүлгөнүн сотто гана билдим. Сот болсо менин сөзүмдү укпай эле мени айып пулга жыгып салды. Ушул туурабы? Эгер туура болбосо кайда кайрылуум керек?

Жаныбек, Сокулук району

— Тилекке каршы, сиздин сурооңузда кайсы берененин негизинде сизди айыпка жыкканын жазбаптырсыз. Ошондой болсо да логикалык ой-жүгүртүү менен жооп берели.

Биринчиден, сиз өзүңүз үй салып жаткансыз. Ага керектүү документтерди даярдабасаңыз керек. Ошондуктан, сизди айыпка жыкса керек. Экинчиден, “КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү” кодексинин “Шаар куруу архитектуралык иштерге шек келтирилген администрациялык укук бузуулар деген 33-главасы бар. Анын баарын бул бетке келтирүүгө болбойт. Ошондуктан ошол главаны окуп, түшүнбөсөңүз суроону так жазып жөнөтсөңүз биз даана жооп беребиз.

- Биздин айлыгыбызды убагында бербей коюп, көп жылдан бери соттошуп келе жатабыз. Эң акыркы чечимди Жогорку сот чыгарган. Азыр болсо мурунку соттор карап жатканда билинбеген окуялар чыгып, прокуратура текшерип, далилденди дешти. Эми сотко кайрылсак болобу?

Жабырлануучулар, Кара-Балта шаары

— Мындай абалды КРнын Жарандык-процесстик кодексинде “Жаңы ачылган жагдай” деп айтылат. Ушул кодекстин 361-беренесине ылайык, сиз айтып жаткан жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча сот актылары кайра каралууга жатат. Ал үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат.

  1. Арыз ээси билбеген жана биле албай турган иш үчүн олуттуу жагдайлар;
  2. Эгер сот актысын кайра кароого эч кандай бөгөт болбосо, ал сот Конституциялык соту Кыргыз Республикасына ылайык келбейт деп тааныса;
  3. Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин күбөнүн же адистин атайылап жалган көрсөтмө бериши, эксперттин атайылап жалган корутунду чыгарышы, атайлап туура эмес которуу жалган документтер же буюм далилдер аныкталса, ал токтомдун мыйзамсыз экендигине же сот актысынын негизсиздигине алып келсе;
  4. Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин тараптардын, ишке катышкан башка жактардын, же болбосо алардын өкүлдөрүнүн кылмыштуу аракеттери же ошол ишти кароодо соттун кылмыштуу жосундары аныкталса;
  5. Ошол сот актысын чыгарууга негиз болгон соттук актысын же башка органдын токтомун алып салуу.

- Биздин айлыктан топтоо бөлүгүнө деп кармап калууда. Ал канча пайызды түзөт?

Жыргал, Шопоков шаарчасы

— Топтолгон баардык сумма эсептелинет. Башкача айтканда иш берүүчү тарабынан которулган 2% камсыздандыруу төгүмдөрү жана бул каражаттарды инвестициялоодон түшкөн кирешелердин суммасы эсептелинет. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн жекече эсепке алуу системасында камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин тактоо бөлүгүндөгү маалыматтар боюнча эсептөө жүргүзүлөт.

Д.ШАБДАНОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2019 11:01

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина