Юридикалык кеңештер

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 19, 2019 12:37

Юридикалык кеңештер

 10 - Менин  тууганым ооруканада жатып өзү жазып берген бүтүмү боюнча мага үйүн калтырган. Мен макул болгом.Эми менден жакын тууганы ал үйдү мага бербейм деп сотко арыз жазыптыр.Эмне кылышым керек?

Жанчарбек, Кант шаары

— Мындай иштер бизден  ар-намыс,адамгерчилик, бири бирибизди сыйлоо,урматтоо деген түшүнүктөр кетип  жаткандыгынын белгиси болуп эсептелет.Эптеп эле улуп-жулуп алсам деген принцип пайда болгондугунун негизи.Ошол эле учурда биз,кыргыз эли, мамлекетибизде мыйзам бар экенин унутуп жатабыз.Бул туура эмес жол.Сиз башынан эле мыйзамга таянып иш кылбай өзүм билемдикке салыптырсыз. Анткени Кыргыз  Республикасынын  Жарандык кодексинин 176-беренесинде “Жазуу жүзүндөгү бүтүм, анын маңызын билдирген жана бүтүм жасап жаткан жактын же жактардын, же тийиштүү түрдөыйгарым укук алышкан жактардын өз колдору коюлган  документти түзүү жолу менен жасалууга тийиш. Эки тараптуубүтүмдөр ар бир тарап өздөрү түзүшкөн жана кол коюшкан (395-статьясынын  2-пункту ) документтерди  алмашуу жолу менен жасалат.  Мыйзам жана тараптардын макулдашуусу менен бүтүмдүн формасы (белгилүү формадагы бланкка жазуу,мөөр менен ырастоо ж.б.) туура келүүчү кошумга  талаптар коюлушу жана бул таланттарды сактабагандыгынын натыйжалары каралышы мүмкүн.Эгер мыйзамда же тараптардын макулдашуусунда мындай натыйжалар каралбаса,бүтүмдүн жөнөкөй жазуу жүзүндөгү формасынын сакталбаган натыйжалары колдонулат.

Бүтүмдөгү жасоодо коюлган колдору механикалык каражаттардын жардамы аркылуу факсималдык жол менен кайра чыгырууга  же башкача  ыкма менен көчүрүп алууга,электрондук сан менен жазууга же  жекеге коюлган колдун башка аналогу мыйзамда же тараптардын макулдашуусу менен каралган учурларда жол берилет.

Эгер гражданин өзүнүн денесиндеги кемчилигинин,оорусунун же сабатсыздыгынын  айынан өзү кол коё албаса,анда анын өтүнүчү боюнча бүтүмдө башка гражданин кол кое алат.Анын койгон колу нотариус аркылууже бүтүм жасоочу ага өз колун коё албагандыгынын себептерин көрсөтүү менен мындай нотариалдык иштерди жүргүзүүгө укуктуу кызмат адамы аркылуу ырасталышы керек” деп даана белгиленип турат.

Ошол  эле учурда сизге тамын таштап жаткан тууганыңыздын жазганы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 179-беренесинин талабы боюнча эч нерсеге жарабайт. Сиз соттон утуласыз, себеби  тууганыңыздын жазып бергени нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмес.

- Менин балам Россиядан “Зил” автомашинасын алып келип,2015-жылы белек кылган. Бирок жумушуна чакырып калып оформление кылбай кетип калган. Ал Россиянын жараны,ошол боюнча келе элек.Кантип өзүбүзгө өткөзүп алабыз же балам келгенче күтөбүзбү? Деги кимге кайрылабыз?

А.Сагындыков, Чүй облусу, Восток айылы

— Биринчиден,уулуңуз менен байланышып ал Россиянын жараны болгондуктан нотариустан ишеним кат алып сиздерге жибериши керек. “Зилди” каттоо үчүн жергиликтүү районго караштуу автотранспортторду мамлекеттик каттоо кызматынын депортаментине (ГРС) жана башка дагы  “Зилдин” документтери менен кайрылыңыздар.

- Мен бир аз күнөөлүүболуп калдым эле.Тергөөчү күнүгө чакырат,мен барам.Эч нерсе кылбай кечке кармайт,кайра кетирип жиберет. Мен тажап бүттүм.Ошол себептен жумушка барбай,мени жумуштан бошотуп жиберишти.Эми мага кандай жаза колдонулат,мыйзам чегинде?

Аты-жөгүн атагысы келбеген жаран,

Аламүдүн району

— Сиз өзүңүз эмне тартип бузупже эмне кылмыш кылгандыгыңызды айтпагандан кийин биз да жазанын кандай түрлөрү бар экенин жалпылап айталы.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 42-беренесинде төмөндөгүдөй  жазанын түрлөрү бар. 1.Кылмыш жасаган адамдарга карата жазанын төмөндөгүдөй негизги түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

Коомдук жумуштарга тартуу; айып; үч эселенген айыпбелгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүүиш менен алектенүү укугунан ажыратуу;  зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроо;  түзөтүү жумуштары; эркиндигин чектөө; тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо; эркиндигинен ажыратуу; өмүр бою эркиндигинен ажыратуу.

2.Соттолгондорго карата негизги жазалардан тышкары төмөндөгүдөй кошумга жазалар колдонулушу мүмкүн: атайын аскердик, ардактуу наамынан; атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу; мүлкүн конфискациялоо; транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу.

3Айып,зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроо жана белгилүү кызматтарды ээлөө жана белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу кошумча жазалар катары да колдонулушу мүмкүн.

- 2015-жылдын 1-январынан иштеген жарандардын айлык акыларынан 2 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрү топтоо фондуна кармалып жатат.Мүмкүн болсо ушул фонддун келечеги жана иштеген пенсионерлер тууралуу түшүндүрүп берсеңиз.

М.Айдаралиев,Сокулукрайону,

 Романовка айылы

— Кыргыз Республикасынын“ Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери” жөнүндө Мыйзамына ылайык,2010-жылдын 1-январынан иштеген жарандардын айлык акыларынан 2 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрү кармалып, топтоо фондуна топтолот. Топтоо фондунун артыкчылыгы бул жеке эсептеринде топтолгон акча каражаттары инвестицияланат жана пенсия курагына келген убакта топтолгон акча каражаттары кирешелери менен кайтарылып берилет.Ошондой эле топтоо фондундагы топтолгон акча каражаттары мураска калтырылат жана Кыргыз Республикасынан башка жакка чыгып кеткен учурда кайтарылып берилет.2011-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери” жөнүндө Мыйзамына төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген.Ошондуктан ушул мыйзамдын 11-1 беренесине             ылайык,мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат.

1.1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын  1-январынан мурда төрөлгөн аялдар;

2.Пенсионер-кызматкерлер.

Демек, 2012-жылдын 1-январынан баштап жогорудагы  көрсөтүлгөн  2пайыз төлөмдөр иштеген  пенсионерлерден  кармалбайт.Ал эми бул  мезгилге чейин кармалган  каражаттарды  кайтаруу шарттары жана мөөнөтү боюнча учурда  Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан  иш жүргүзүлүүдө.

- Мен Сокулук районунун борборундагы дүкөндөн  “Самсунг” үлгүсүндөгү телевизор сатып алгам.Гарантиясы бир жылдык болчу. Бирок 5 айдан кийин эле иштебей бузулуп калды. Мастер келип карап заводдон болгон деффект  деп корутунду беришкен. Кайра дүкөнгө алып барсам сатып алган убактан бери доллар курсу өсүп,телевизор кымбаттап кетти,  эми айырмасын төлөшүңүз керек деп алмаштырбай жатат. Ушул туурабы?

Галин Жамбылова, Шопоков шаары

— Дүкөнчүнүн койгон талабы туура эмес.Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 467-беренесинин 1-пунктунда  сапаты начар товарды чекене сода-сатык  келишимине ылайык келген сапаттагы товарга алмаштырууда сатуучу келишимде белгиленген  товардын баасы менен товарды алмаштыруу же сот тарабынан аны алмаштыруу жөнүндө чечим чыгарылган учурда товардын баасынын ортосундагы айырманын ордун толтурууну талап кылууга укуксуз деп даана белгиленген.Эгерде сатуучу сиздин талабыңызды канааттандырбаса, алмаштырылып жаткан товардын баасы жана анын ордунаберилип жаткан товардын баасы сот товарды алмаштыруу жөнүндө чечим чыгарган учурга карата аныкталат.Демек сиз сотко кайрылууга акылуусуз.

ДаниярШабданов

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 19, 2019 12:37

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина