Ысык-Көлдө сезонго карата 179 курорттук ден соолукту чыңдоочу жай даярдалууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2015 09:30

Ысык-Көлдө сезонго карата 179 курорттук ден соолукту чыңдоочу жай даярдалууда

1810 июнь, Бишкек. Ысык-Көл облусунда быйылкы жайкы туристтик мезгилге карата 179 курорттук ден соолукту чыңдоочу жай даярдалып жатат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Быйылкы жылдагы туристтик мезгилди ийгиликтүүөткөрүүгө даярдык көрүү жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча Ысык-Көл облусттук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн 2015-жылдын 18-февралында №29- тескемеси кабыл алынган жана анын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты тарабынан бирдиктүү комиссия түзүлгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш-чара пландары бекитилип, район, шаарлардын, айыл аймактардын башчыларына, эс алуу жайларынын жетекчилерине тапшырмалар берилип, бул боюнча иштер кызуу жүрүүдө.

Ысык-Көл облусунун аймагында туристтик мезгилге карата 179 курорттук ден соолукту чыңдоочу жайлар даярдалып жатат. Алардын ичинен 155 мекеме ысык-Көл районунда, 8 мекеме Тоң районунда, 5 мекеме Жети-Өгүз районунда, 5 мекеме Ак-суу районунда, 3 мекеме Түп районунда, 3 мекеме Балыкчы шаарында жайгашкан.

 

Эсен Нурмамбетов, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2015 09:30

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина