Ысык-Атанын жаштары адамдарды сатууга каршы

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 12:06

Ысык-Атанын жаштары адамдарды сатууга каршы

Кант 17 ноябрь, Бишкек. 18-октябрь Бириккен Улуттар Уюму  тарабынан Адамдарды сатууга каршы күн деп жарыяланган. Адамдарды сатуу 21 кылымда жат көрүнүш болуп саналгандыктан, бул көйгөй дүйнөлүк коомчулукта  глобалдык  чоң маселе болуп турат. БУУнун маалыматы боюнча жылына төрт миллионго жакын адам кулчулукка кабылса, алардын бир миллиону балдар. Ошол себептен  республикада адамдарды сатууга каршы 100 күндүк маалыматтык кампаниясы башталып ага облустар активдүү катышышып, эми кезек Чүй облусуна келди.

Облуста маалыматтык кампания 3-ноябрда старт алган, күндөн тарта түзүлгөн пландын негизинде облустун ар бир райондорунда ар кандай иш-чаралар өтүүдө.

13-ноябрда кезек Ысык-Ата районуна келип,  Кант шаарынын Жеңиш паркында  150гө жакын мектептин окуучуларынын катышуусу менен флеш-моб өткөрүштү. Флеш-мобтун ар бир кыймылы менен жаштар адамдарды сатууга каршы экенин билдиришти.

 

Жибек ШАРШЕНБИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 12:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина