Ысык-Атада уурдалган жылкылар иликтенип жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 11:08

Ысык-Атада уурдалган жылкылар иликтенип жатат

5 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айыл аймагындагы мал сарайдан айдалып кеткен жылкылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Чүй ОИИББдин маалыматына караганда, 2020-жылдын 6-октябрында болжол менен саат 18:00дө Ысык-Ата РИИБге 102 кызматы аркылуу райондогу айылдардын бириндеги мал сарайдан белгисиз адамдар 33 баш бодо малды айдап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул билдирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.

«Учурда мал сарай жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерге таандык деген маалымат текшерилип жатканын маалымдайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ысык-Ата районунун Туз айыл аймагындагы мал сарайдан белгисиз жарандар жылкыларды айдап кетишкени маалымдалган.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан аталган окуяны тастыкташып, буларга токтолушкан.

«Акыркы окуялар менен бирге ушул факт да катталды. Азырынча милиция кызматкерлери кылмыш ишин козгогонун айтышууда. Бирок жалпы канча жылкыны кимдер айдап кеткени боюнча так маалымат жок. Анткени өлкөдө кырдаал эми гана тынчыды. Арасынан кайра алып келди дегендер бар», — деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жылкылар жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерге таандык.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 11:08

Приемная кампания 2020

Элдик медицина