Ысык-Атада милиция кызматкерине күч колдонгон айдоочулардын бири кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 28, 2020 17:16

Ысык-Атада милиция кызматкерине күч колдонгон айдоочулардын бири кармалды

12 Ысык-Ата районунда ички иштер органдарынын кызматкерин коркутуу менен аларга зомбулук көрсөткөн окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрда Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп жаткан рейд учурунда Ысык-Ата районунун аймагындагы көзөмөл-өткөрмө жайынын биринен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү эки автоунаа тиешелүү документтерин текшерүү максатында токтотулган. Ошондо айдоочулар кызматкердин талабына баш ийбей качууга аракет кылышкан. Кызматкер аркасынан жетип токтоткон учурда автоунаадагы адамдар кызматкерге каршылык көрсөтүп, ага күч колдонуп баштаганда кызматкер табелдик куралынан абага ок чыгарып, эскертүү иретинде курал колдонгон.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышкан.

 

Жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда автоунаалардын биринин айдоочусу аныкталып, ал 23 жаштагы М.М. аттуу жаран экени такталган. Андан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаа айып короого токтотулуп, тергөө кызматы автоунаадан скотч менен оролгон буюмдарды табышкан.

 

Бул окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан экинчи автоунааны аныктоо иштери жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 28, 2020 17:16

Приемная кампания 2020

Элдик медицина