Ысык-Ата районунда медиктерге арналган иш-чара өттү

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 4, 2020 08:14

Ысык-Ата районунда медиктерге арналган иш-чара өттү

10 Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери Ысык-Ата курортунда  ден соолугун чыңдап, эс алышат. Бүгүн медицина кызматкерлеринин алгачкы тобу-56 адам эс алууга жөнөп кетишти. Аларды райондун акими Байыш Курманов башында турган райондук түзүмдүн жетекчилери узатышып, жылуу сөздөрүн, каалоо-тилектерин, ыраазычылыктарын айтышты.

Жалпы 160 медицина кызматкерлеринин эс алуусуна Кант цемент заводу, Ысык-Ата курорту демөөрчүлүк жасап, район жетекчисинин демилгесин колдоп беришкен. Дарыгерлерге арналып чакан маданий иш-чара уюштурулду.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 4, 2020 08:14

Приемная кампания 2020

Элдик медицина