ЫСЫК-АТА РАЙОНУНДА КЫРСЫКТАРДЫ АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:40

ЫСЫК-АТА РАЙОНУНДА КЫРСЫКТАРДЫ АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

13 2019-жылдын 26-июнь күнү КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Ата райондук ӨК бөлүмү, жылдык планынын негизинде  “Кант Газпромнефт Азия” жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте өрт тактикалык машыгуусу болуп өттү. Машыгууга жалпысынан Ысык-Ата райондук ӨК бөлүмүнүн №27 ӨККБнөн 2 өрт өчүрүү эсеби, Ысык-Ата райондук №4 ӨККБнөн 1 өрт өчүрүү эсеби, Ысык-Ата районуна караштуу Киргщелк нефтини кайра иштетүүчү базасынан 1 өрт өчүрүү эсеби, Кыргыз Республикасынын Коргоо комитетинин Кант шаарындагы аскер бөлүгүнөн 1 өрт өчүрүү эсеп жана “Газпромнефть Азия” ЖЧКнан 1 өрт өчүрүү эсеби катышкан. Мындан тышкары Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнөн коомдук тартипти сактоого 5 кызматкер, медицина кызматынан 2 кызматкер тартылган. Жалпы машыгууга 45 кызматкер катышты.

Кырсыктарды алдын алуу үчүн азыркы күндө аябагандай көйгөй болуп турган май куйюучу жайлардагы өрттөр жана күндүн ысышы менен сууга түшүүлөр көп болгондуктан тынымсыз машыгуулар өткөрүлүүдө.

Машыгуунун максаты май куюучу жайлардагы кырсыктардын, өрттүн алдын алуу жана өз убагында жоюу менен бирге күтүлбөгөн кырсыктарга даяр болуу, ошондой эле ар дайым кандай гана кырсык торубасын өз убагында биринчи жардамдарды кандай көрсөтүү керектиги тууралуу машыгуунун жүрүшүндө көрсөтүлүп берилди.

Ошону менен катар, Ысык-Ата районунун Люксембург айылынын Чупра тез акканканалындада машыгуу болуп өттү, машыгууда сууда өзүн алып жүрүү эрежесин сактоо тууралуу түшүндүрүү жана биринчи тез жардам көрсөтүүнү үйрөтүштү.

 

Б.Уланбекова

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:40

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина