Ысык-ата районунда бирөөнү ур-токмокко алган жаран кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:00

Ысык-ата районунда бирөөнү ур-токмокко алган жаран кармалды

9 Ысык-Ата районунун нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, Кант шаарынын 34 жаштагы жашоочусу А.А. денесине алган жаракаттары менен кайрылганын билдиришкен.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Денеге атайлап оор залал келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ысык-Ата районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, жабырлануучу мас абалда болгондуктан суроого мүмкүн болгон эмес. Териштирүү учурунда жабырлануучунун денесинин бир нече жеринен жаракат алгандыгы маалым болгон. Ысык-Ата районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында бул окуяга шектелип Кант шаарынын 33 жаштагы жашоочусу Ф.С. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:00

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина