Ысык-Ата райондук электр тармагында мамлекеттик тил күнү белгиленди

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 10:42

Ысык-Ата райондук электр тармагында мамлекеттик тил күнү белгиленди

IMG_727829 сентябрь, Бишкек. “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында “Түндүк электр” ААКнын бир катар райондук электр тармактарында (РЭТ) мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Атап айтканда “Түндүк электр” ААКнын Ысык-Ата РЭТинде жаңы кыргыз тил кабинети ачылды. Кабинет кыргыз элинин турмушуна, кол өнөрчүлүгүнө байланышкан буюмдар менен жасалгаланган. Ал эми кыргыз элинин чыгармачылыгына кызыккан адистер үчүн кабинеттин китеп текчелеринде “Манас” үчилтиги, Ч.Айтматовдун сегиз томдугу жана белгилүү кыргыз инсандарын чагылдырган чыгармалар орун алган.

Акционердик коом тарабынан бул жетинчи кабинет, буга чейин кыргыз тил кабинеттери Чүй облусундагы Панфилов, Жайыл, Москва, Кемин райондорунда жана Бишкек шаарындагы Чыгыш, Батыш РЭТтеринде ачылган.

Катышуучулардын катарын тармактын гана адистери түзбөстөн, райондук администрациясынын, райондук маданият үйүнүн өкүлдөрү, журналисттер да толуктады. Адаттагыдай куттуктоо сөздөрүнөн кийин “Түндүк электр” ААКнын башкы директорунун экономика жана жалпы маселелер боюнча орун басары Нурбек Бедельбаев ыраазычылык каттары менен  Чыгыш жана Ысык-Ата РЭТтеринин жамааттарын сыйлады. Мындан Кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон “Түндүк электр” ААКнын катардагы адистери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жана “Түндүк электр” ААКнын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Тапшыруу аземинен соң катышуучуларга чакан концерттик программа тартууланып төкмө акындар ыр айтышып,ырчылар ырдап, бийчилер бийлешти. Концерттин соңунда көрүүчүлөргө салт-санааны чагылдырган баланын “Тушоо кесүү” тою тартууланды.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 10:42

Парламент

Элдик медицина