Ыр жазуу — жүрөк шыгы тартуулаган экинчи өнөр

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:15

Ыр жазуу — жүрөк шыгы тартуулаган экинчи өнөр

12 Чүйдүн сыймыктуу кыздары

Жашоо дегениң  өзүнчө эле керемет. Өмүрдү аздектей билген гана жашоонун бийик өрүнө көтөрүлө алат. Өмүрдү маңыздуу, кызыктуу жашап өтүү — жараткандын ар кимге берген шыбагасы. Өз өмүрүн ажайып кооздукка бөлөгөн Шайкүл эженин күч-кубатына, жүрөгүнүн сезимталдыгына өзүнчө эле таң кала бересиң…

Ооба, Исыкеева Шайкүл эжени азыр эки кесипти бирдей аркалаган адам, мугалимдиктен да, ыр жазуудан да ыракат-кубат алган, жашоосу чыгармачылыкка жык толгон талант катары билебиз. Мындай кош өнөргө апкелген жол адеп мугалимдиктен башталган. Жакшы үмүттүн өтөөсүнө чыгып, 1958-жылы Фрунзедеги кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин аяктайт. Институтту алдыңкылардын катарында бүтүргөндүгү эске алынып, борборубуздагы атактуу №5 кыргыз орто мектебинде физика мугалими болуп эмгек жолун баштайт.

Шайкүл эже Сары-Өзөн Чүйдүн Өзгөрүш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Айылдагы жети жылдык мектепти «эң жакшы» деген баалар менен бүтүрөт. Фрунзе шаарына билим алуусун улантканы келет. Бул жерде орто мектепти ийгиликтүү аяктайт.

Биринчи окуткан окуучулары 1966-жылы орто мектепти аяктап, нечен алкоо сөздөргө татыйт. Ушу менен бир мезгилде №5 кыргыз орто мектебинин 40 жылдыгы белгиленет. Ошол зор салтанатта физика мугалими Шайкүл Исыкеева алгачкы сыйлыкка ээ болот. Көрүнүктүү педагог М.А. Рудаковдун колунан Кыргызстандын агартуу министрлигинин «Мактоо грамотасын» алат. Биринчи ирет кесиптештеринин, жоро-жолдошторунун, туугандарынын зор алкоо сөздөрүнө арзыйт. Физика сабагын окутууда алгылыктуу ыкмаларды жарата билди. Мунун натыйжасында 1976-жылы «Эл агартуунун отличниги» наамына татыктуу болду. Өрнөктүү педагог катары эми Фрунзе шаардык жана республикалык кеңешме-семинарларда, педагогдук конференцияларда окутуунун алдыңкы ыкмалары жөнүндө кызыктуу докладдарды жасап, өзүнүн мол тажрыйбасы менен бөлүшө баштады. Анын мыкты педагог болуп таанылганы — республиканын туш-тарабынан келген мугалимдер, Фрунзеде эмгектенген кесиптештери үчүн «Ачык сабактарды» жана «Ачык класстык сааттарды» өткөрүүгө жетише алганы. Кыргыз телеберүүсүнөн мектеп окуучуларына физикадан сабак берүүгө катышат.  Мындай үзүрлүү иштери үчүн Шайкүл эже экинчи ирет Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин «Мактоо грамотасына» татыктуу болот. Мектептеги физика сабагы секциясын көп жылдар бою жетектейт. Окуткан окуучулары менен бирдикте нечен сонун иш-чараларды өткөргөндүгү, коомдук иштеги зор салымы үчүн комсомолдун райондук комитетинин «Мактоо грамотасы» менен эки ирет сыйланат. Ушунун аркасында мектепте физика боюнча тереңдетилген класстарды окутууга мүмкүнчүлүк алган. Окуучулары райондук, шаардык жана республикалык Олимпиадаларда көп учурда биринчи жана экинчи орундарга ээ болушуп, өзүлөрүн да, мугалимин да сыймыкка бөлөп келишкен.

Зор мээнетти, көп изденүүнү талап кылган педагогдук кызыктуу жана жооптуу кесипти аркалаган Шайкүл эженин жан дүйнөсү ырга, поэзияга жакын болуп, көкүрөктөгү шык-жөндөм ыр түрмөктөрүн чубоого түрткү берген. Ошентип алгачкы ырлар жазыла баштаган. Талант менен зор кубанычтын туюндусу катары тун уулу Сабырбек Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономика факультетин кызыл диплом менен бүтүрүп, Москвада аспирантурада окуп, кыска мөөнөттө илимдин кандидаты болгондугуна байланыштуу ыр саптары жаралган.  Жүрөк элегинен өткөн ар кыл мазмундагы ырлар кагаз бетине түшө берет. Өзгөчө Шайкүл эже ардактуу эс алууга чыкканы ыр дүйнөгө терең киришүүгө оңтойлуу шарт түзүлөт.

Шайкүл эже жөнүндө ойлогонумда, ыр, поэзия түнөк алган өмүрлөш кош жүрөктүн ыр ыргактары сезимимди бийлеп алат. Элдин бекем элесинде калган ал асыл адам — турмуштун өзүндөй жөнөкөй, керемет ырларды кийинки муундарга белек катары калтырып кеткен чыгаан окумуштуу, көрүнүктүү экономист Айдаркан Молдокулов. Ал республиканын илиминин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуу менен сонун-сонун ырларды, тамсилдерди, сатираларды калтырып, көркөм өнөрдүн таланттуу өкүлү экенин көрсөтө алган. Эгер белгилүү окумуштуу, профессор, Кыргызстандын Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, өлкөбүздүн илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Жогорку Кеңештин депутаты Айдаркан Молдокулов дүйнөдөн эрте өтүп кетпегенде (1986-жылы, 30-сентябрда 56 жашында каза болгон) окурман көңүлүн куштар кылган нечен-нечен ырларды жаратпайт беле? Окумуштуунун чыгармалары элге жетсин деген ниетте Шайкүл эженин, уулдары Сабырбек менен Канаттын (экинчи уулу да ата жолун улап экономисттик кесипке ээ болгон), кызы Гулмиранын демилге-аракети менен Айдаркан акындын «Белек» жана «Ички сырым» аттуу китептери жарык көргөн. Эскерте кете турган нерсе, көрүнүктүү окумуштуу А.Молдокулов көзү тирүү кезинде өзүнүн чыгармаларын китеп түрүндө чыгарууга, гезит-журналдарга жарыялоого көңүл бурган эмес, кийин элге тартуулайм деген ойдо топтоп жүрө берген.

Ишенимсиз, кубанычсыз, үмүтсүз жашоо көрксүз болгондой, Шайкүл эже үчүн ырсыз өмүрү жардыдай сезилет.  Анда ошо Шайкүл эженин жан-дүйнө көркөм толкундарына жуурулушуп, ырларына назар буралычы.

 

“Бала бакыт, бала байлык билгенге,

Буйруп коюп, кудай таалим бергенге.

Бактыңарга, байлыгыңар кошулсун,

Жемиштерин келечекте тергенге.”

 

«Көлгө эс алып келгенде,

Алыкул түшөт эсиме.

Отургансып элестейт,

Ырларын жазып жээгинде.

 

Жаның кейип турганда,

Бүрүшүп жатып албадың.

Өчөшүп жазып ырларды,

Поэзия суусуна канбадың».

*          *

«Не деген кооз жерлер бар,

Кол менен жасап койгондой.

Тамшанып карап турасың,

Караган сайын көз тойбой».

*           *          *

Бирин экиге улаган,

Жоктон барды кураган.

Бар эле апам сарамжал,

Өтүп кетти жалгандан…

 

Апат согуш башталганда,

Атам өттү дүйнөдөн.

Чоңойтту апам бизди жетелеп,

Барды-жокту билбестен.

 

Арадан өтпөй апта жыл,

Сагыйпа эжем көз жумду.

Кайраттанып апакем,

Калганына көңүл бурду.

 

Эми онду бүткөндө,

Мыкан байкем чүрөктөй.

Эмчилердин жогунан,

Кете берди гүлгүндөй.

 

Кайраттуу менин апакем,

Калганын бакты бөпөлөп.

Тумшуктууга чектирбей,

Ээрчитип бизди жетелеп.

 

 

Арадан өтпөй тогуз күн,

Аттанды жездем майданга.

Эжем калып үйүбүздө,

Улантты окуусун кайра да.

 

Кырк бешинчи жылдын аягында,

Жездем келди эки солдат жетелеп.

Буту баспайт, башынан жарадар,

Эжем кетти өз сүйгөнүн багам деп.

 

Кара чачы колодой,

Жерге тийип турчу эле.

Апакай түс, кымча бел,

Көңүлүн элдин бурчу эле.

 

Кандуу согуш жүрүп жатты,

Күндө түшүп эл арасы дүрбөлөң.

Чуркуратып кара кагаз келип атты,

Ошо кезди ойлогондо сүрдүгөм.»

*           *          *

 

«Жаштар жүрөт жүгүрүп,

Кандидат үчүн «иштешип».

Окуу калды биякта,

Жеңебиз биз, биз дешип.

 

Айыл ичи удургуйт,

Баарына берип убада.

Курсагымды тойгузса,

Добуш берем буга да.»

*           *          *

«Бата берип биз төрдө отуралы,

Байлык эмес небереге уучту толтуралы.

Келечеги кең болсун деп ошолордун,

Күндө алкап, жакшылыгына кубаналы.»

 

Педагог-акындын ырлары ар кыл. Турмушту, табийгатты өзү көргөндөй, өзү сезгендей сүрөттөйт. Кызыгуусу, алга умтулуусу, кастарлап күткөнү — ыр жаратуу. Шайкүл эже чыгармачылыктын түйшүк-азабын башынан өткөрүп, анын кубанычына сүйүнүп, кемчилигине түтө билгендиги, көшөргөн аракет-изденүүсү менен баатыр адам, көкүрөгүндө ыр терметкен кыялкеч эне. Төмөнкү ырында ушу касиет ачык көрүнүп турат.

 

Белгилүү акындын бири болбосом да,

Атактуу акын атка конбосом да,

Улгайганда кыялданып ыр жаздым,

Ыр жазганым, ашып-ташып толбосо да.

 

Ыр дүйнөнүн дайрасында агылам,

Ыр түйшүгүнүн кумарына кабылам.

Ойлорумдун кайыгында термелип,

Издейм, кайда менин табылгам?..

 

Мына ошентип Шайкүл эженин табийгат берген таланты жөнүндө кыскача баяндадык. Ал үчүн ыр жазуу — жүрөк шыгы тартуулаган экинчи өнөр.

 

Курманбек РАМАТОВ,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:15

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина