Ымыркайларды саткан беш гнеколог тергөө абагына киргизилди

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 20:34

Ымыркайларды саткан беш гнеколог тергөө абагына киргизилди

10 Кармалган дарыгерлерге карата дагы бир кайрылган аялдын арызынын негизинде төртүнчү кылмыш иши козголду.

Ымыркай сатуу боюнча беш гинекологго кылмыш иши козголуп, №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кармалгандардын баары жогорку билимдүү.

ИИМ гинекологдордун иши тууралуу. Ымыркайларды 1000 доллардан сатышкан

Буга чейин Бишкекте ИИМдин криминалдык кызматынын өкүлдөрү тарабынан ымыркай сатууга шектелип бир нече гинеколог кармалганы жана алардын биринин унаасынын багажнигинен бойдон алдырган балдардын сөөгү табылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө айрым дарыгерлер мыйзамсыз негизде аборт жасап, шарты жок жерден төрөт кабыл алып, ымыркайларды сатып жүрүшкөнү маалым болгон. Sputnik агенттигинин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагынын билдиришинче, кармалган үч дарыгер №1, 18 үй-бүлөлүк медицина борборунда жана №4 төрөт үйүндө иштеген.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул иште чет элдиктердин тиешеси жок экени маалым болду. Ымыркайларды Кыргызстанда туулган бирок Россиянын жарандыгын алып ошол жакта жашап, иштеп жаткандар сатып алган», — деп жазылат маалыматта.

Кармалган дарыгерлер саткан балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк да жасап беришкендиги белгилүү болду.

Наристе жытына зармын! Кыргызстанда бала багып алуунун түйшүгү канчалык?

Кармалгандарга буга чейин Кылмыш кодексинин 124чү (адам сатуу), 116чы (мыйзамсыз аборт кылуу) жана 350-беренелери (жасалма документтерди даярдоо, колдонуу) боюнча үч кылмыш иши козголсо, милицияга кайрылган аялдын арызынын негизинде төртүнчү кылмыш иши козголду.

Колго түшкөн гинекологдор кош бойлуу аялга мөөнөтүнөн мурда жасалма толгоо берип, төрөтүп бирок баласын апасына өлдү деп көрсөтпөй коюшкан.

Буга чейин ИИМдин тергөө кызматы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азиз Нурбеков бул иш боюнча маалымат берип жатып ымыркайлар 1000 доллар жана андан да ашык баада сатылганын кабарлаган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 20:34

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина