Ыктыярчылардын пайдалуу экскурсиясы …

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 14:02

Ыктыярчылардын пайдалуу  экскурсиясы …

6 19-декабрда  бекитилген пландык иш — чаралардын алкагында Токмок шаарынын  Өрт өчүрүүчү –куткаруучу №21  бөлүмүндө Улуттук Кызыл жарым ай коомунун Токмоктогу филиалынын ыктыярчылары үчүн экскурсия өткөрүлдү. Аларга бөлүмдүн курамы, өрт өчүрүү коопсуздугу техникасы  жөнүндө маалымат берилип,  өрт өчүрүү жана куткаруу иштеринде  курал-жабдууларды колдонуу боюнча  практикалык иш- чаралар жүргүзүлдү.

Ыктыярчылар экскурсиянын жүрүшүндө өрт өчүрүү коопосуздугу тууралуу билим алышып, тажрыйба топтошту.  Аларды кызыктырган көптөгөн суроолорго , тиешелүү жооп алышты. Белгилүү болгондой, Өрт өчүрүү жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү 2013-жылы бир мекемеге бириккендиктен, экскурсиянын жүрүшүндө жол кырсыгы жана ар кандай кырсыктарга туш болгон жарандарды куткарууда кандай ыкмалар жана  техникалык курал-жабдуулар колдоноору көрсөтүлдү.

Кызыктуу экскурсия үчүн аталган уюмдун ыктыярчылар менен иш алып баруу боюнча  адис Виталий  Пыхов  Улуттук Кызыл жарым ай коомунун Токмоктогу филиалынын  жетекчилигинин жана жеке өзүнүн атынан  Токмоктогу өрт өчүрүүчү-куткаруучу  бөлүмүнүн башчысы, полковник  А.М. Абдуллаевге  жана өздүк курамына ыраазычылыктарын билдирип, келечекте алар менен кызматташтык мамилелерди чыңдап, улантууга ниеттерин билдиришти.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 14:02

Приемная кампания 2020

Элдик медицина