Ыктыярчылар СПИД менен күрөшүүгө салымдарын кошушту

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 6, 2020 11:33

Ыктыярчылар СПИД менен күрөшүүгө салымдарын кошушту

2 1-декабрда Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүүнүн күнү белгиленди. Бул ооруга дүйнөдө күндө 14 миң адам чалдыгып келет. Алардын жарымын 25 жашка чейинки жаштар түзөт. Учурда жер жүзүндө бул илдет менен 40 миллион адам жашап келе жатат. Ар жыл сайын жер шарында иммунодефицит вирусунан 8 миң адам дүйнө менен кош айтышат. ВИЧ –бул адамдын иммунодефицитинин вирусу. Бул вирус СПИДди жаратып, адамдын клеткаларынын жабыркашына алып келет. Ар бир ооруканада ВИЧ-инфекцияга карата изилдөөдөн өтө тургандардын тизмеси каралган. Алардын катарына тобокел коркунуч туудурган жарандардын катмары: банги зат колдонуучулар, кош бойлуу аялдар жана секс –кызматкерлери кирет.

Бүгүнкү күнү ВИЧ-инфекция менен ооруган учурлар Кыргызстандын бардык аймактарында катталууда. Алардын жалпы саны 9650 адамды түздү. Бул СПИДге чалдыккандардын саны жылдан -жылда көбөйүп жаткандыгын билдирет. Аталган илдетке чалдыккандардын 64%ын эркектер, калган 36%ын аялдар түзүүдө. Оорунун көбөйүшүнө миграциянын толкуну, аны менен бирге сойкулук менен күн көргөн кыз-келиндердин санынын көбөйүшү жана жарандардын маалыматка ээ болбошу себеп болууда. Андыктан 1-декабрда калк арасында СПИД тууралуу маалыматты таратуу, бул илдетке жарандардын көңүлүн бурдуруу жана сак болушун эскертүү максатында Улуттук Кызыл жарым ай коомунун Токмоктогу филиалынын ыктыярчылар менен иш алып баруу боюнча кызматкери Виталий Пыхов Токмок шаарында “ ВИЧ жана СПИД тууралуу көбүрөөк билип ал!” акциясын өткөрүштү. СПИДке каршы күнүнө карата ыктыярчылар тарабынан коомдук жерлерге ВИЧ жана СПИД тууралуу сурамжылоодон өтүп, ал тууралуу маалымат берүүчү QRкоддор илинди. Акциянын жүрүшүндө калк арасында Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коому тарабынан даярдалган атайын брошюралар жана СПИДди токтотууга үндөгөн кызыл ленталар – стигмалар таратылды. Токмок шаарынын борборунда Улуттук Кызыл жарым ай коомунун логотиби бар банер орнотулду. Бул жерде шаардын жашоочулары арасында сурамжылоо түрүндө интервьюлар алынып, жарандардын СПИД боюнча канчалык маалыматы бар экендиги текшерилди. Интервьюга көп сандагы жаштар, ар курактагы жана улуттагы жарандар катышышты. Аларга “ВИЧ-СПИД деген эмне?”, “СПИД кандай жолдор менен жугат?”, “СПИД дарыланабы?”, “ВИЧ –СПИДге тест тапшырып көрдүңүз беле?” сыяктуу суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Интервьюнун жүрүшүндө көпчүлүк жарандардын бул коркунучтуу илдет тууралуу маалыматтары бар экендиги билинди. Жооп берүүдө кыйналган маалыматтар боюнча ыктыярчылар өздөрүнүн билими менен бөлүшүп, жарандардын билбеген маалыматтарын толукташты. Виталий Пыховдун айтымында, СПИД боюнча алынган интервьюлардан атайын видео -ролик даярдалып, андагы маалыматтар СПИД — коркунучтуу илдети менен күрөшүүгө өзүнүн салымын кошмокчу. Айтмакчы, ВИЧ-СПИДке карата тестти каалоочулар Токмок шаарындагы Комсомольская-Гагарина көчөлөрүнүн кесилишиндеги лабораторияда тапшыра алышат.

 

Б. Байдылдаева

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 6, 2020 11:33

Приемная кампания 2020

Элдик медицина