Япониялык жеке ыктыярчы Накатани Масаёши

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:09

Япониялык жеке ыктыярчы Накатани Масаёши

12 Япониядан келген жеке ыктыярчы Накатани Масаёши менен бирге Санжар Султанкулов жана “Кызайчек”, “Тополош” аттуу кыргыздын нукура боёмо китепчелеринин автору Салтанат Кожогулова менен чогуу Чүй обулусунун Сокулук районуна караштуу Төмөнкү-Чүй башталгыч адистешкен мектеп-интернатына барып, ал жакта тарбияланып жаткан балдарга барып жакындан кабар алып келдик.

Бул мектеп-интернатында 6 жаштан 12 жашка чейинки курактагы 160 бала тарбияланып келишет. Төмөнкү-Чүй башталгыч адистешкен мектеп-интернатында 1-класстан 4-класска чейин гана билим алгандыктан, балдар 4-классты аяктап, окуусун жашаган жерлеринде жайгашкан билим берүүчү мектептеринде уланта алышат. Күтүүсүз барган конокторду мектеп интернатынын директору директору Жумагазиев Нурланбек Сарынжиевич тосуп алды.

Учурда аталган мектеп-интернатынан билим алган София аттуу кыз менен Накатани Масаёши Чүй облусундагы фермалардын биринен таанышып калышкан.Бул күтүлбөгөн жолугушуу София үчүн күтүүсүз болуп, маңдайы жарыла кубанып жеке ыктыярчы менен кучактышып көрүштү. Жеке ыктыярчы Софияга жолугуп, акыбалдарын сурашты. Эски тааныштар бири-бирин көргөндө өтө кубанышкандыктарын жашырышкан жок.  Накатани Масаёши Софияга гана кубаныч тартуулабастан мектеп-интернатында тарбияланып, билим алып жаткан балдарды кубанычка бөлөп боёмо китепчелерди белекке берди. Мектеп-интернатынын директору Жумагазиев Нурланбек Накатани Масаёшини Софиянын чоң атасы гана эмес, баарыбыздын чоң атабыз болот деп кесиптештерин күлдүрдү.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:09

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина