Япония Кыргызстандын 16 мектебине 83 332 АКШ доллар жардам кѳрсѳтѳт

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 10:34

Япония Кыргызстандын 16 мектебине 83 332 АКШ доллар жардам кѳрсѳтѳт

20170925_103010 29 сентябрь, Бишкек. Япония Өкмѳтүнүн “Чѳп тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы Раздольненский атындагы мектебинде 1-4- класска чейинки окуучуларга ысык тамак уюштуруу менен бирге  “Тамактандыруу үчүн жабдуулар менен камсыз кылуу” долбоорунун  салтанаттуу аземи болуп ѳттү. 2017-жылдын 10-мартында түзүлгѳн гранттык келишимге ылайык, аталган долбоордун алкагында  16 мектепке жалпы суммасы 83332 АКШ долларын түзгѳн каражатка  ашкана жабдыктары тапшырыларын фонддон билдиришти.

Иш-чарага Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова, Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура, БУУнун Бүткүл дүйнѳлүк азык түлүк программасынын ѳлкѳлѳр боюнча  директорунун орун басары Кейко Изуши, “Өнүктүрүү демилгеси агенттиги” коомдук фондунун ѳкүлдѳрү, Сокулук райондук администрация башчысы акимдин орун басары Т.Ракимбаева жана билим берүү бѳлүм башчысы К.Эмилбеков , мектеп директорлору жана  ата-энелер катышышты.

Аталган долбоор  БУУнун “Бүткүл дүйнѳлүк азык түлүк” программасы жана “Өнүктүрүү демилгеси агенттиги” коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылып жатат. Долбоордун максаты  мектептерде ысык тамак уюштуруу системасын ѳркүндѳтүү.

БУУнун Бүткүл дүйнѳлүк азык түлүк программасынын ѳлкѳлѳр боюнча директорунун орун басары Кейко Изуши ѳз сѳзүндѳ жаңы окуу жылынын башталышы менен  окуучулар үчүн  ысык тамак уюштуруп жатабыз.  Балдарга ысык тамак уюштуруу системасын ѳркүндѳтүү балдарды ачка калтырбай билим деңгээлин жогорулатканга  жана окуудагы чоң жетишкендиктерге жетишүүсүнѳ ѳбѳлгѳ түзѳт. Ошондуктан бизди колдогон ѳнѳктѳштѳрүбүзгѳ, Япон элчилигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине терең ыраазычылыгын билдирерин айтты.

Айнура ЖАНЫШОВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 10:34

Парламент

Элдик медицина