Япондуктар айыл чарбасына тажырыйбасын бөлүшөт

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:07

Япондуктар айыл чарбасына тажырыйбасын бөлүшөт

11 Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA)Кыргызстан менен биргеликте бир канча жылдан бери иштешип, Чүй облусундагы рынокко багытталган чийки сүт өндүрүү долбоорубоюнча фермерлердин ишин алга жылдырууга өбөлгө болуп келет. Аталган агенттик жалаң гана айыл чарба, мал чарбачылыгында гана эмес, билим берүү, саламаттык сактоо, маалымат технологиясы жана башка тармактар менен кызматташууда.

Долбоордун максаты Бажы биримдигинин талаптарына ылайык, жогорку сапаттагы чийки сүттү өндүрүүнү көбөйтүү болуп саналат.

Өзгөчө айыл чарба багытында ишкердикти эл аралык тажрыйбалар аркылуу өнүктүрүүгө JICA агенттигинин жардамы менен биргеликте чийки сүт өндүрүү иши Чүй облусунда өз жолуна түштү десек жаңылбайбыз. Тагыраак айткандаJICA агенттигинин рынокко багытталган чийки сүт өндүрүү долбоорунун алкагында буга чейин техникалык курстарөткөрүлгөндүгүн баса белгилесек болот. Азыркы учурда жергиликтүү фермерлер курстардан алган билимдерин семинарлар аркылуу бөлүшүп, бири-бири менен тажрыйба алмашып келишет. Кыргызстанда тоют камдоо меселеси көйгөй жаратпай койбойт. Мына ошол тоют камдоодо жана ошону менен бирге малдарды кандай жол менен дарылоо жолдорунун жеңил жана кирешелүү ыкмаларынфермерлер япониялык эксперттер тарабынан үйрөнүшүп, азыркы тапта асыл тукум уйларды көбөйтүп,кандай жол менен азыктандырыпжана канткенде сүттүн сапатын жогорулатуу боюнча бир топ тажрыйбаларга ээ болуп турган чактары.

Продукцияны ойдогудай алуу үчүн адегенде тоют маселесин чечүү керек эмеспи. Япониялык эксперт Накатани Масаёши жергиликтүү фермерлерге тоют камдоо ыкмасын, ошону менен катар  силосту кантип даярдоо жана кандай жайда сактоону, кандай убакта тоют катары колдонуу сырларын ийне-жибине чейин үйрөтүп, көзөмөлдөпкелген. Алар тоютту тоюмдуу жана үнөмдүү жана натыйжалуу жол менен колдонууну сунуш кылат.  Мал багууда тоюттун түрү көп болгондуктан жергиликтүү тургундарга Накатани Масаёшинин ыкмалары фермерлерге жагып жаткандыгын баса белгилешти.

Себеби дегенде мал чарбачылыгында тоюттун сапаты канчалык жакшы болсо, уйлардын сүтү эки эсе көбөйүпфермерлерди кубандырып келет эмеспи.Жогорку энергиялуу силосту СССР убагында атайын жүгөрүдөн камдап малдарга беришкен. Бул ыкма акыркы убактарда такыр эле колдонулбай калган. Быйыл JICA агенттигинин эксперттери менен биргеликте чүйлүк фермерлер силос даярдашып, эксперимент кылышкан.  Учурда фермерлер эксперттердин силос жасоо ыкмаларын мыкты өздөштүрүп, мал чарбачылыгында активдүү колдонуп жаткандыгына күбө болдук. Деги эле мал багууда тоюттун түшүмдүүлүгү, сапаты негизги рол ойнойт эмеспи. Айыл жергесинде мал чарбачылыгынан башка жумуш жоктугуна байланыштуу, көпчүлүгү дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенип келишет. Бул айыл жергесиндеги киреше табуунун бирден бир булагы. Бул долбоордун эксперттери жеке эле тоют даярдоо ыкмаларын гана үйрөтпөстөн, фермерлерге да техникалык колдоолорду көргөзүп жаткандыгын айтсак болот.  Ошол себептен фермерлер тоют камдоо жана мал чарбачылыгына тиешелүү сырларды үйрөнүүгө кызыгып келишет. Азыркы учурда Чүй облусунун фермерлери жогоруда аталган техникалык курстардын жыйынтыгында фермерлер силосту пайдалануу ыкмасы өтө пайдалуу, ыңгайлуу, жеңил экендигин баса белгилешти. Албетте бул ыкмага каражат аз талап кылынып жаткандыгы кубандырбай койбойт.

Чүй районунун Прогресс айылын тургуну Эсеналиева Алтынбек агабыздын фермасына барып жакындан таанышып долбордун иш аракеттерине ортоктош болдук.  Алтынбек ага аталган долбоор менен иштешип келе жаткандыгына бир жыл болгондугун айтты. Ошону менен катар тоют маселеси чечилип, азыркы учурда асыл тукум 10 уй менен жан багып жаткандыгын кабарлады. Агабыздын айтымына караганды күнүнө 10 уйдан 200 литрге чейин сүт алып, өткөзүп, үй-бүлөсүн багып келет.

Мына ушундай иштердин аркасында канчалаган эмгектер болгондугун сөз менен айтып жеткире албайсың. Айыл жергесиндеги тургундардын бекер жатпастан ар бир иштин көзүн таап, бала бакырасын багып жаткандыгы кубанарлык көрүнүш. Албетте карапайым калктын жашоосун жакшыртууга Японэл аралыккызматташтыкагенттигининжардамыөтөчоң.

 

Б. Ахматова

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:07

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина