Врач-паразитолог Гүлнара Миңбаева дейт, дагы маанилүү өздүк гигиенанын эрежелерин сактоо э маанилүү экендигин айтып ой бөлүшкөн

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 10:44

Врач-паразитолог Гүлнара Миңбаева дейт, дагы маанилүү өздүк гигиенанын эрежелерин сактоо э маанилүү экендигин айтып ой бөлүшкөн

 руки17 ноябрь, Бишкек. Азыркы этапта биздин республикабыз боюнча акыркы 2-3 жылдын эсебинен эхинококкоз жана альвеококкоз менен жабыркаган адамдардын саны кичине азайууну байкап жатабыз.

Морфология боюнча эхинококкоз бир камералуу деп койобуз, ал эми альвеококкоз көп камералуу. Альвеококкоздун өзү рак сыяктуу болуп өсөт, жүзүмгө окшош. Ар бир личинкасында камералар бар. Операция болгон учурда деле, операция болуп жаткан учурда кичинекей личинканын бирөөсү калып калса, өпкөдө же боордо кайсы бир убакта кайрадан метазтас сыяктуу болуп чыгат. Ошол себептен бул ооруу,  аябай оор. Биздин эсебибиз менен алганда орточо эсеп менен бир адам эхинококкоз, альвеококкоз менен ооруп даарыланганга 50-60 миң сом кетип жатат. Кээ бир учурларда биз аймактарга барганда бир үй-бүлөдөн ата-энеси дагы, балдары да ооруган учурлар бар. Аларга бул оору трагедия болуп жатат, ошол себептен суранат элек, сөзсүз түрдө 1 жылда 2 жолу УЗИден балдарыңыздарды, өзүңүздөрдү, ата-энеңиздерди өткөрүп коюңуздар. Эгер эртерээк табылган болсо, анын дарылоосу дагы жеңил болот, бат сакайып кетесиз,анан ошончолук көп акча каражатын да талап кылбайт.

Азыркы учурда биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жаңы программа иштелип чыккан. Пилотный кылып Алай менен Кочкор райондорун алганбыз. Калк арасында биз УЗИ аппараты менен камсыз кылып берип ушул 2 районду республикалык деңгээлде улуттук хирургия борборун камсыз кылып бердик. Ошолор менен чогуу иштешип жатабыз. Көзөмөлүбүздө 300дөй адам бар, ошолордун арасында чоңдордун арасынан 3 см. чейин, кичинекей балдар арасында 1 см. чейин жетет. Бирок азыр биз чоңдорду гана карап жатабыз. Азыр кичинекей киста менен  алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Башка мамлекеттерде бул ыкма колдонулуп, жакшы эффект көрсөтүп бериптир. Ошол ыкмаларды биз дагы өзүбүздүн мамлекетибизге алып жатабыз. Эгер эффектүүлүгүн жакшы көрсөтүп берсе республика боюнча башка райондорго дагы колдонобуз деген максатыбыз бар.

Бардык ооруларды, кайсы болбосун эхинококпу, альвеококпу бардык башка жугуштуу оорулардын алдын алуу жеңилирек, аны менен күрөшүп, аны дарылоого караганда. Ушул себептен биз элибизге кайрылат элек. Эң эле жөнөкөй эрежелерди сактасак биздин балдарыбыз, өзүбүз, ата-энебиз эхинокок, альвеокок оорулары менен оорубайбыз. Биринчиден, ит кармаган учурда сөзсүз түрдө, жергиликтүү ветеринарларга кайрылып өзүңөр эле, алар качан келет деп күтүп отурбай кайрылып, бир жылда 4 жолу дигелмитизация мите курттарга каршы дары берип турушуңуздарды суранабыз. Кээ бир учурларда кереги жок болсо деле итти кармай бере турган учурлар бар. Ошого дагы кеңеш берет элек. Эгер ит сизге муктаж болбосо, анда итти кармабай эле койсоңуздар. Ит кармасаңар дарылап, ошол дары бергенден кийин 72 саат ит байланып турушу керек. Анан тегерегиндеги заңдардын баарын чогултуп, аны дизинфекциялап,мүмкүн болушунча туалетке балдар же өзүңөр контакт болбогондой кылып ыргытыш керек. Анан үчүнчү маселе, бул кол жуу маселеси, эң негизгиси өзүбүзгө деле, балдарга деле кол жуу эрежелерин ошо үй-бүлөнүн мыйзамы сыяктуу эле балдарга үйрөтүш керек. Дааратканага барып келгенден кийин, тамактын алдында, ит менен ойногондон кийин, эшиктен киргенден кийин балага кол жууганга эң биринчиден шарттарды түзүп берип, экинчиден балага кайра айтып турушуңуздарды суранабыз. Оюн катары деле айтсаңыз болот, ойносун, баланын каалоосу­ болсун. Самын менен, суу менен 5 минут ойноп алсын, анын зыяны эч убакта болбойт. Бир күндө 10 жолу деле жууса бала оюн катары, кирип чыгып атканда, эшикке чыкпаса деле кол жууганды адат кылып алса эхинококкоз, альвеококкоз менен гана эмес, башка жугуштуу оорулардан айрылууга эң чоң алдыга жасаган кадам болуп эсептелет.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 10:44

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина