Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 13:54

Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Путин 2017-жылдын 28-февралында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия Президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болот. Анда кыргыз-орус эки тараптуу мамилелеринин бардык спектри, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү, ошондой эле кызматташуунун бүтүндөй комплекси боюнча, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 13:54

Парламент

Элдик медицина