Владимир Путин болуп көрбөгөндөй кризисти жаратуучу негиздерди атады

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:21

Владимир Путин болуп көрбөгөндөй кризисти жаратуучу негиздерди атады

15 Петербургда өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумда, Россиянын президенти Владимир Путин ири масштабдагы экономикалык кризиске алып келиши мүмкүн болгон себептерди атады.

Анын Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда айтканына караганда, нормалардан аша чаап кетүү жана ишенимди жоготуу дүйнөдө буга чейин боло элек экономикалык кризиске алып келиши ыктымал.

«Келишимдеги кайсы бир тараптын оюндан чыгып кетиши — ар дайым тобокелчилик жаратат. Глобалдык масштабда өзгөчө күчтүү мамлекеттердин мындай кадамдары башкаларга чоң кесепетин тийгизет. Айрыкча азыркыдай нормалардан аша чаап кетүү жана ишенимди жоготуу дүйнөдө буга чейин боло элек экономикалык кризиске себеп болушу ыктымал”, — деди Путин.

Анын айтымында, дүйнөдө протекционизмдин жаңы формалары пайда болду. Бул улуттук коопсуздук үчүн деген шылтоого жамынып, ар кандай чектөөлөрдү киргизүү. Кийин аны алып салуу үчүн тараптар менен соодалашуу.

Петербургдагы эл аралык экономикалык форумун быйы 26-майжа жыйынтыкталат.

Улан Примов: туризм министрлигин түзүү учурдун талабы болуп жатат

«КСДП» фракциясынын депутаты Улан Примов туризмди өнүктүрүүгө жакшы көңүл бурулбай жаткандыгын айтты.

КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов туризмди өнүктүрүүгө жакшы көңүл бурулбай жаткандыгын айтты.Примов: туризм министрлигин түзүү учурдун талабы

Туризм министрлигин түзүү учур талабы. Себеби департаменттин деңгээлинде иш алып барылууда. Кыргызстандын бул тармакта жакшы киреше табуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай пикирин Улан Примов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, туризм тармагына мамлекеттен өтө аз акча бөлүнөт.

«Биз туризмге жетиштүү маани бербей жатабыз. Бул тармакты өнүктүрүп, бюджетке жакшы киреше алып келүү мүмкүнчүлүктөрү жогору. Ал үчүн департамент менен чектелбей, министрлик түзүшүбүз керек. Мындай нерсе жалпы журтту иш менен камсыздоого, миграцияны азайтууга жол ачат», — деди Примов.

Ал ошондой эле өзгөчө тарыхый жайлардын абалына көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:21

Парламент

Элдик медицина