Унаа уурдагандар

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 6, 2017 11:28

Унаа уурдагандар

images 6 февраль, Бишкек. 2017-жылдын 28-январь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Военно-Антоновка айылынын 29 жаштагы жашоочусу С.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Себеби, 28-январь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында арыз ээсинин “Дэу-Ленос” үлгүсүндөгү автоунаасын бейтааныш адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Автоунаасында 1000 сом акчасы жана “Самсунг” үлгүсүндөгү телефону да болгон.   Бул окуя боюнча кылмыш изи сууй электе патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алууга шектелип, Ош облусунда туулган 27 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, Сокулук районунун ИИБнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 6, 2017 11:28

Парламент

Элдик медицина