Улуу согуштан калган унутулгус бир элес

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:45

Улуу согуштан калган унутулгус бир элес

10 Улуу Жеңишке 75 жыл

1941-жылы кыш катуу болуп, айылдын тургундары “эл аман, мал аман” деген ой менен жашоолорун өткөзүп, кыштын бачымыраак өтүп кетишин күтүп, күнүмдүк оокаттары менен алек болуп жатышты. Күндөр өтүп, айга айланып март айы да келип калды. Күн өйдө көтөрүлүп жылуулугун чачып, айыл-апа тегерек-четин тазалап, огороддорун ирээттеп жазгы айдоого камынып, шаймандарын да дайындап коюшту.

Биздин үй айылдын ортосунда орун алган. Короонун ичинде тигилген чоң бак бүр чачып, жашыл кийим кийинүүгө камданып, жазгы келгин чыйырчыктардын келүүсүн күтүп тургансыйт, себеби атам жасаган кичинекей жыгач үйлөр бактын бутактарына илинген болчу. Таң эрте торгойлор да башындагы көөкөрүн койкоңдотуп жолдо келе жаткан адам, же ат араба менен кошо жарыша чуркап өзүнүн мукам үнүн чыгарып күн бешим болгондо кайда учуп кеткенин билбей каласың. Ошондой күндөрдүн биринде атам менен апам эртең мененки чайды ичип олтурганда, атам: “Фашисттик Германия Европа мамлекеттерин багынтып жакын арада Совет мамлекетине кол салат экен. Азыр18 жаштан өткөн жигиттерди армиянын катарына чакыра баштаптыр, бул чакырыкка биз багы туш келет экенбиз,” деген суук кабарды айтты. Апам унчукпай угуп тым болду, ичи тызылдады, бирок билгизген жок. Курсагы чооюп, бою-башы былкылдап төрөөр маалы келип калган болчу.

Атам 1910-жылы, апам 1915-жылы жарык дүйнөгө келишкен экен. 1933-жылы баш кошуп, 1935-жылы уулдуу болушуп, атын Жакыпбек, 1937-жылы кызы төрөлүп атын Гүлүмай, 1939-жылы дагы уулду болушуп атын Жапаркул коюшат. Андан кийин 1941-жылы 23-мартта мен төрөлүп, ысмымды агаларыма окшоштуруп Жапарбек деп аташыптыр. Ошентип бала-чакалуу болушуп тиричилик акырындык менен арта берет, атам колхоздун талаачылык бригадасын жетектеп, апам балдары менен алек болуп жүргөндө 1941-жылы июнь айында каргашалуу согуш башталат. Кыргызстан боюнча мобилизация башталып, туш тараптан жаш жигиттер Мекенин коргоого аттанышат. Биздин кичинекей “Бирдик” айылынан Турусбек, Акылбек, Есенбек, Ысман, Курман, Төлөгөн, Садык, Сыдык, Жаманкул, Самат, Казы, Чотбай, Токсон, Көчөрбай, Аблай, Шамыралы, Жумабек, Касымбек деген жигиттер Мекенди коргоого чакырылат. 1941-жылы июль айынын аягында атам Шурубекке чакыруу кагазы келет.

Апамдын айтуусу боюнча эртең менен колхоздун арабасын коштоп Айдаркул байке келет да агамды, апамды, Жакыпбек агамды салып Кант шаарынын чогултуу пункту, райондук аткаруу комитеттин короосуна келишет  (азыркы Ленин көчөсүндөгү бала-бакча). Күндүн мээ кайнаткан ысыгынан кайсыл жерге барып баш калкалаарды билбейсиң. Мен ошондо 3 айлык наристе кыпкызыл болуп күнгө бышып, атамды аскерге жөнөтүп жаткан кезим экен. Түштөн кийин аскер формасын кийген адам буйрук берип, бардыгыңар катарга тургула, буйрукту жакшылап уккула деп кагазын окуп: “Эшимов Шурубек оң тараптагы катарга, Иванов сол жакка!” деп бөлүштүрөт. Кагазын окуп аягына чыккандан кийин ар кайсыл командага бөлүнгөн адамдарды офицерлер “Строится, шагом марш!” деп алып кете баштайт. Улам кеткен бөлүктөрдү карап, коштошууга келген адамдар чырылдап ыйлашып, “Кош бол, аман-эсен кайтып кел” дегенден башка эч нерсе айта алышкан жок. Жакыпбек апамды кучактап, апам мени көкүрөгүнө басып колунан түшүрбөй боздоп ыйлап кала беришет…

Каргашалуу согуштун кесепетинен көптөгөн үй-бүлө кара жамынып, багар-кагар кишиси кетип, жаңы эле көз ачып жашап келе жатканда, чиедей балдары, кары-картаң ата-энелери тирүүлөй жетим-жесир болуп кала беришти. Бирок, жашоо токтоп калган жок, апам колхоздун ар кыл жумуштарын аткарып өлбөстүн оокатын жасап, аз болсо да жеңишке салымын кошкон. “Бирдик” колхозунун эмгекчилери талаага эгин эгип, короого малдарын байлап, көпчүлүктүн башына келген оор түйшүктү көтөрүп, акыры “Улуу Жеңиш биз тарапта!” деген ураанды бийик тутуп, айыл-чарба дан, эт азыктарын убагында мамлекетке тапшырып турушту. Көпчүлүк жумуш аялзатынын мойнуна жүктөлүп, жашоо-турмуш аябай эле кыйын болду. Ошол кезде колхоздун кара жумушун аткарган алтын апалардын ысымдарын атап коёюн, алар-Майрам, Бүбүйка, Сукай, Гүлай, Сабыр, Альпия, Минтай, Чолок-апа, Айжамал, Керимкан, Шайыр, Жумакүл, Нават, Турсун, Чайжан, Айна, Апий, Суураке жана башкалар.

1943-жыл, согуштун күчөп, кайнап турган убагы. Атам аскер милдетин Иранда өткөзүп жүргөндө, апама кат жазыптыр: “Баягы акыр заманда төрөлгөн Жапарбек аманбы? Эл-журт кандай?” деп. Чынында эле мен жаңы төрөлүп, согушту алып келгендей болдум окшойт. Атамдын айтканынын эч калети жок. Заман жаңы эле оңолуп жатканда фашисттик Германия Совет элине кол салып “акыр заманды” алып келбедиби. Колуна мылтык кармап көрбөгөн кыргыздын баёо жигиттери мекенин коргоого аттанышып, ал жактан көпчүлүгү кайра кайтып келген жок. Менин чоң атам Эшимов Акылбек акыркы жазган катында: “Биз Брянск шаарын бошотконго даярдык көрүп жатабыз. Согуш катуу болот окшойт, көрүшөбүзбү же жокпу билбейм, аман-эсен болгула” деп жөнөткөн экен. Бир ай өткөн соң 1943-жылдын февраль айында“Согуштан дайынсыз жок болду” деген кара кагаз келиптир, Буга окшогон суук кабарлар канчасына келип, канчасына келбей ушул убакка чейин билинбей калгандар бар.

Согуш жылдары. Биз ал кезде эмнелерди көрбөдүк. Жапаркул баштаган бир кырдуу балдар мага окшогон инилерин ээрчитип колхоздун эгин талаасына машак тергени чыкчубуз. Кечке талааны кыдырып буудайдын дан-сабагын чогултуп, үйдөн кургатып жаргылчакка салып талкан жасап жечүбүз. Ал кездин балдары үчүн машак жан сактоонун бирден бир булагы болуп, ачарчылыктын бурчун жапкандай болчу. Машак терип жүргөндө комбайнды тазалап, андан түшкөн “кызылды” таап алсак, ал өзүнчө эле чоң байлык. Азыркы балдарга болгон окуяны айтып берсең ишенбейт, мейли ишенбесе, эмнеси болсо да тынчтык өкүмү сүрүп кийинки муун биз көргөндү көрбөсүн.

Ошентип, күндөр өтүп, жылга айланып 1945-жыл да келип калат. Советтик Армия немецтик баскынчылардын ташын талкан чыгарып 9-май күнүндө Рейстагка СССРдин Кызыл желегин орнотуп Жеңиш күнүн жарыялайт. Бул күндү атам алыскы Иран мамлекетинде катардагы жоокер болуп жүргөндө угат. Кандай  кубаныч, 5 жылга созулган согуштун жеңиш менен бүткөнүнө кулактары менен угуп, бири-бирин кучакташып, шапкелерин асманга ыргытышып, колундагы мылтыктары менен “салют” атышып тозушат. Ошол кезде атам менен бирге кызмат өтөгөн бир топ кыргыз жигиттери болуптур. Алардын арасынан Жумабай деген жигит менен бир ротада болуп экөө ынак экен. Жумабай, атактуу кыргыз композитору Эсенгулдун атасы. Мунун мен Эсенгул менен ооруканада дарыланып жатканда угуп таң калдым, себеби атам өзүнүн эскерүү сөздөрүнө кеп кылып калчу, менин аскердик курбум кеминдик Жумабай деген жигит деп.

Декабрь айы, кычырап “токсон” түшүп, кыш күчүнө кирип турган кез. Апам үйгө от жагып ысытып коюп, кир жууп жаткан болчу. Менин 4 жаштагы курагым, мештин жанында чүкө ойноп олтургам. Бир убакта Айдаркул байке шашып-бушуп кирип келип: “Сүйүнчү! Жеңе, Шурубек байкем аскерден келе жатат, колхоздун башкармасы айтты” деди шашкалактап. Апам жууп жаткан кирип таштай салып “Оозуңа май, айланайын!” деп шаштысы кетип, сүйүнчүсүнө эмне берээрин алдастап калды. Бере турган ылайыктуу эч нерсеси жок болсо керек. Апамдын ал-акыбалын байкап Айдаркул байке: “Азыр силер жогорку Ак-Дөбөнүн жанына баргыла, Шурубек байкем бир топ атчан болуп Кант тараптан келе жатышат,” деп кайра шашкан бойдон кетип калды. Апам, сандыктан, атама арнап тигип койгон тебетейин ак жоолукка ороп, мени кийинтип, экөөбүз Ак-Дөбөнү көздөй жөнөп калдык. Биз барсак, ал жерде бир топ эркек-аялдар чогулуп, түштүк-батыш тарапты карап жатышкан экен.

Апам экөөбүз да Ак-Дөбөнүн башына чыгып көз салсак 5-6 атчан адамдын карааны көрүнгөндө баары чурулдап: “Келатышат, келатышат!” деп сүйүнүп кыйкырып калышты. Ал кезде согуштан аман-эсен келиш, бүткүл айыл үчүн айтып-бүткүс чоң жаңылык болчу. Атчандар Ак-Дөбөнүн астына келип токтогондо биринчилерден болуп Кулбай чоң атамдын байбичеси Матыбүбү кайнисин кучактап өөп-жыттагылап, анан калган ага-ини туугандар кол кармашып кучакташып учурашып, атамдын согуштан аман-эсен келгенин кубаттап жатышты. Акыр аягы атам апама жетип кучактап колунан кармап, мени көтөрүп өөп жыттагылап, үнүн кыргылдантып көзүнөн жашын сүрүп элге кайрылды:

  • Калайык журтум, элим, менин киндик каным тамган жерим, амансыңарбы?! Силерди көргөнүмө ишене албай жатам, Кудай-Таалама чоң ыраазымын,-деп чөгөлөй калып Ак-Дөбөнүн топурагын өөп, келген элден бата алды.

Атам ордунан турганда апам дайындап койгон тебетейин анын башына кийгизди. Атам өзүнүн аскер тумагын мага кийгизип “Баягы Жапарбек ушбу, чоң жигит болуп калган турбайбы,” деп өөп-жыттагылап өзүнүн атына өңөрүп үйдү көздөй жөнөдүк. Жолдо кетип бара жатып, кубанганымды айтпа, ичимден өзүмөн-өзүм кудуңдап, мына менин атам бар, атам согуштан аман-эсен, баатыр болуп келди, эми мени эч ким кемсинтпейт, коркутпайт, себеби менин атам согушту жеңип келген адам деп мактануу ой менен улам башымдагы тумакты кармалап келе жаттым. Ушул убакыт бүтпөсө экен, мен атамдын астында дайыма өңөрүлүп жүрсөм деген далбас ойлор толгонуп жатканда аттар кышкы күрткүнү күрсүлдөтө басышып бат эле үйгө келип калдык.

Ал кезде Жакыпбек агам эс тартып калган кези болчу, айылдагы улуу байкелери менен кой союп түлөө берүүгө дайындап, эртеси тегерек-четти чакырып атам Ирандан алып келген түрлүү жемиштерин, жоокердин паёгун чыгарып элдин батасын алды. Күндөрдүн биринде үйдө чай ичип олтурганда Жапаркул алты жашка келип калган убагы, атамдан согуш жөнүндө айтып берүүсүн сурап, биз “согуш” оюнун ойногондо “тра-та-та” деп жыгачтан жасаган мылтыгы менен ары-бери шилтеп, немецтерди кантип өлтүрөрүн көргөздү. Атам ыйыгы менен күлүп, туура кыласың балам, бирок душман карап турбайт да, ал дагы биринчи атып сени өлтүрүүгө тырышат. Ошондуктан согуш деген жаман, согуш болбой эле койсун, мен силерге өзүм жүргөн жердин бир элесин айтып берейин деди.

… Биздин жөө аскер полкубуз Иран мамлекетинин түштүк-батыш тарабында жайгашып, негизги милдети чек араны бекем сактап, келген немецтик душманды талкалоо болчу, себеби немецтер Москва тараптан жеңилип калгандан кийин урушту түштүк тараптан баштоого максат коюшкан. Бирок алардын планын Советтик Армиянын жетекчилери билип, Иранга келген дивизияны ташын талкан кылып кууп чыгышкан. Экинчиден Американын, Англиянын жана СССРдин жетекчилери 1943-жылы Тегеранда жолугушуп экинчи фронтту кандай жана качан ачууну сүйлөшүү жүргүзмөк. Аларга ыңгайлуу шарт түзүп, аман-эсендигин сактоо биздин полкко жүктөлгөндүктөн, мен ошондогу албан окуянын күбөсү болгом. Ошол себептен бизди жылдын аягына чейин кармап, Япон согушу бүткөндөн кийин полкту Туркменистанга чыгарып бизди аскердик милдеттен бошото баштады. Мына, балдарым, менин ажалым жок экен, мен бактылуу адам экенмин, силерди көрүп, силер менен бирге олтуруп тамак-аш жегениме миң мертебе ыраазымын деп баарыбызды кучактап бетибизден сүйдү.

Эми мындан ары тынччылык эле болсун, силер ээн-эркин ойноп жакшы чоңойгула, биз апаң экөөбүз колхоздо иштеп, согуштун жаман кесепетин оңдоого аракет кылышыбыз керек деп оор үшкүрүндү.

P.S. Үстүбүздөгү жылы Улуу Жеңишке 75 жыл болот. Согуш бүттү дейбиз, бирок улуу орус полководец А. Суворов айткан экен: “Согуш акыркы солдат өлгөндө гана бүтөт” деп. Бул аябай так жана чындык сөз, себеби өлбөй тирүү калган экинчи Ата-Мекендик согуштун ветерандары бир топ. Ошондуктан 75 жылдык чоң майрамды салтанаттуу тосуп, аны даңазалап, согушка катышкан ата-энелерибизди, байке-эжелерибизди тирүү кезиндей элестеп “Өлбөс полктун” кыймылын күчөтүп жана катарын көбөйтүш үчүн ар бир айыл өкмөттө эскерүү митингин өткөзүп, тылда иштегендерди жана балалыгы согуш убагына туш болгон муундарды да эстен чыгарбашыбыз абзел. Анткени алар ошол кездин тирүү тарыхы.

Жапарбек Шурубек уулу, Ысык-Ата райондук ардагерлер

 кеңешинин мурунку төрагасы. АКШ, Нью-Йорк

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:45

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина