Улуу Композитор Насыр Давлесов 90 жашта

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:06

Улуу Композитор Насыр Давлесов 90 жашта

9 2019 жылдын 15 мартында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин музыкасынын автору, композитор,профессор Насыр Давлесов 90 жашка чыкмак.
Насыр Давлесов 1929-жылдын 15-мартында Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. Бала чагында кыякта, мандолинде, комузда ойноп, алардын коштоосунда ырдаган.
Н. Давлесов чыгармачылык жолун 1944-жылы П.Ф. Шубиндин жетекчилиги астында эл аспаптар оркестринде артист болуп иштөөдөн баштаган. 1945-1949 жылдары М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин, 1949-1951- жылдары Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын студиясында, 1951-1956-жылдары аталган консерваториянын симфония-дирижерлук факультетин аяктайт. Өзүнүн дирижерлук ишмердигин 1959-жылы Кыргыз Республикасынын опера жана балет театрында иштөөдөн баштайт.
Н.Давлесовдун жетекчилиги астында чыгармачыл топ республикада гана эмес, Россия, Кавказ, Украина, Молдова, Казахстан жана башка өлкөлөрдө эмгекчилерине концерттик программаларды коюп, элдин алкоосуна татыктуу болгон.
Н.Давлесов 40 жылдай А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында дирижер, башкы дирижер кызматтарында ийгиликтүү эмгекттенип, 50гө жакын опера жана балеттик чыгармаларды жогорку көркөмдүктө жраткан.
Композитордун чыгармаларынын басымдуу бөлүгү Советтер Союзунун көп шаарларында, Франция, Швеция, Дания, Румыния, Швейцария, Канада, Сирия, Эфиопия жана Монголия өлкөлөрүнүн концерттик залдарында чоң ийгилик менен аткарылып, кыргыз музыкасы даназаланган.
Улуу композитордун жетекчилиги астында 20дан ашуун классикалык опералар кыргыз журтчулугуна биринчи ирет тартууланып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Алсак, П.Чайковскийдин “Евгений Онегинин”, А.Даргомыжскийдин “Русалкасын”, Дж.Пуччининин “Богемасын”, П.Чайковскийдин “Аккуу көлүн”, Л. Минкустун “Дон Кихотун”, А. Хачатуряндын “Спартагын ”, Б.Асафьевдин “Бахчисарайдагы фонтанын” ж.б. көптөгөн опера жана балеттерди койгон жана жаңылап иштеп чыккан.
Анын көркөм өнөр жаатындагы, жаш адисттерди даярдоодогу эмгеги да өзгөчө. Анын нукура таалим-тарбиячы экендиги, окутуучулук шыгы, уюштуруучулук бийик таланты 15 жылдан ашык убакыт бою Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтун жетектеген мезгилде даана көрүндү. Композитор бардык күч кубатын жана бай тажрыйбасын окуу жайынын өнүгүшүнөжана окуу- тарбия иштеринин сапатын жогорулатууга жумшады.
Насыр Давлесовдун чыгармачылыгындаэң баалуу эмгектер вокалдык чыгармалар, вокалдык хорлор, вокалдык-симфониялык чыгармалар. Алардын ичинен 200дөн ашыгы ырлар, романстар, хорлор, кантаталар, “Аста секин колукту”музыкалык комедиясы, “Курманбек” операсы ж.б.
“Аста секин колукту”музыкалык комедиясы дээрлик 26жылдан ашуун сахнадан түшпөй келет.
“Курманбек ”операсы 1991-жылы сахнага коюлуп, кыргыз музыкасынын алтын казынасына кирип, көркөм өнөрдүн өлбөс- өчпөс үлгүсү болуп калды. Композитордун көптөгөн чыгармалары кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталууда.
Профессор Насыр Давлесовдон окуп-тарбияланып чыккан көптөгөн музыкалык адистер СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, профессор, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты наам даражаларына ээ болуп, орден, медалдап менен сыйланышып, республиканын дээрлик бардык аймакттарында эмгектенүүдө. Композитордун чебер калеминен жаралган жалпы орто мектептерге арналган музыка сабагы боюнча окуу китептери педагогикалык эң жогорку баага татыган.
1968-1971- жылга чейин В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педогогикалык институтунда музыка жана ыр боюнча доцент, кафедра башчысы болуп кызмат өтөгөн.
1971-1983-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин ректору болуп эмгектенген.
Насыр Давлесов Кыргыз Республикасынын Гимнинин музыкасынын авторлорунун бири (1992).
Республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын «Ырдоо», «Музыка» окуу китебин (Аманбаев, Койгелдиева менен бирге) жазган.
1999-жылы Кемин районунун Кемин шаарчасындагы №3 орто мектепке ысымы берилген.
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты(1978), «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу, I, III-даражадагы Манас ордендери менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер(1967), Кыргыз ССРинин Эл артисти(1974).
Насыр Давлесов 2011-жылы 13 — июнда каза болуп, “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина