Улуттук университеттеги кесип тандоо жарманкеси

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 11:05

Улуттук университеттеги кесип тандоо жарманкеси

6 Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде “Мен келечегимди тандайм” жана “Сенин кесибиң” аттуу чоң жарманке болуп өттү. Бул жарманкеде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунан келген мектеп  окуучулары жана окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү катышты. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттукуниверситетинин ректору Канат  Сыдыков окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыз кылууну көздөп көпчүлүк мекеме-ишканалар менен келишим түзүүгө жетишти.

Бул жарманке концерттик шоу менен коштолуп,шаардык мектептерден жана аймактардан келген окуучуларга окуу жайдын мугалимдери, студенттери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатты.  Бул иш-чара быйылкы жылдын эсебинен окуу жайлар арасында эң алгачкы жолу уюштурулуп жаткандагын баса белгилесек болот.“Келечекте кандай кесиптин ээси болсом” деген окуучулардынкызыгуусу жарманкеге катышкан окуучулардын жүзүнөн байкалып турду.

Албетте ар бир бүтүрүүчү кесип тандоодо “жети өлчөп, бир кесип”анан бир чечимге келишет. Анын сыңарындай, бул жарманкеге катышкандардын аягы үзүлгөн жок. Иш-чаранын жүрүшү тууралуу мугалимдер жана катышуучуларды маектешүүгө тарттык.

Рахат Сулайманова,Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетинин деканы:

— Вакансиялардын жарманкеси Кыргыз Улуттук университетинде уюштурулуп жатат. Ошону менен бирге абитуриенттер үчүн дагы ачык эшиктер күнү уюштурулду. Абдан чоң масштабдагы иш-чара болду десем жаңылышпайм. Себеби, биз өткөрүп жаткан вакансиялардын жарманкесине Чүй облусунун баардык райондорунан, Бишкек шаарынын билим берүүмекемелериненжана ири майда ишканалардын  иш берүүчүлөрү келип, өздөрүнө керектүү адистер тууралуу жалпы маалыматтары менен бөлүшүштү. Билим берүү мекемелеринде дагы жетишпеген мугалимдер боюнча жалпы маалыматтарды алдык. Абдан көп сандагы биздин кызматташтарыбыз келип, биз менен келишим  түзүштү. Негизи эле билим берүү системасында Улуттук университет иш-чараны абдан чоң масштабда биринчи жолу окуу жайлардын арасында алгачкылардан болуп баштады. Бул иш-чара биздин ректорубуз Канат Жалилович Сыдыковдун жана“Кадрларды кайра даярдоо жана кесипти жогорулатуу” факультетинин деканы Шамшиев Алай Бурхановичтин демилгеси менен уюштурулду. Бишкек шаарынан 600 окуучу келсе,Чүй облусунун райондорунан 700 мектеп бүтүрүүчүлөрү келиптир. Ал эми Кемин, Москва району жана Бишкек шаарындагы билим берүү бөлүмдөрү келишип, мектептерде мугалимдер жетишпегендиги тууралуу айтышты. Бул жыйынга бүтүрүүчүлөрүбүз келишип катышышты. Буюрса окуу жайды аяктаган студенттерибизди окуу жай менен келишим түзгөн мекемелерге жиберебиз. Мындай иш-чараны жыл сайын салтка айлантып, бүтүрүүчүлөрүбүздү жумуш орду менен камыз кылып берсек биз алдыга койгон чоң максатты ишке ашырган болобуз.

Самат Жолочуев, КУУнун педагогикалык факултетинде тарых сабагынын окутуучусу, уюштуруучу:

-Албетте бүгүн болуп жаткан иш-чара баарыбызга абдан маанилүү болуп жатат. Себеби, жарманкенин жүрүшүндө окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнжумуш орду менен камсыз кылуу боюнча мекеме-ишканалар менен келишимдер түзүү үчүн атайын даярдалган иш-чара болуп эсептелет. Жогорку окуу жайлардын флагманы болуп келген Ж.Баласагын атындагы Улуттук университет менен сыймыктансак болот. Окуугатапшырган студентти окуусун аяктагандан кийин жумуш ордуменен камсыз кылууга шарт түзүп берүү окуу жайдын негизги максаты. Студенттердин келечегин ойлогон биздин окуу жайдын ректору жана факультеттиндеканы бул демилгени көтөрүп чыгышты. Жыл сайын өткөрүлүп келген жарманкени быйыл жылдагыдан башкачараак кылалы деп абдан аракет жасадык.   Иш-чаранын катышуучулары менен жолугушуу болуп, эки сааттык концерттик программа менен коштолду. Келген мектеп бүтүрүүчүлөрдүн маанайлары абдан жакшы, баары ыраазычылыгын айтып жатышат. Биз уюштурган иш-чара жогорку деңгээлде болду деп айтсам болот. Ушул жарманкени уюштуруу тобунун катарындамын, абдан жакшы болду, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Эң негизгиси, жогорку деңгээлде өттү.

Апсат Ташиев, “Кадрларлы кайра даярдоо жана кесипти жогорулатуу” факультетинин окутуучусу, иш-чаранын уюштуруучусу:

-Бул иш-чара окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн иш орду менен камсыз кылуу максатында  өткөрүлүп жатат. Максаты- мектеп окуучуларын биздин окуу жай менен жакындан тааныштыруу, бүтүрүүчүлөргө жумуш ордун түзүп берүү. Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөргө жумушту туура тандоо жана кантипжумушка орношуу керек, ошондой эле жумуш ордуна болгон сынактардан  өтүү жолу менен тааныштыруу семинарлары болуп өттү.

Билим берүү андан сырткары туризм тармагында иштеген ишканалар, ошондой эле экономика тармагында, банк системасында иштегендер жана башка бир топ жеке менчик ишканалар менен келишим түзүлүп, бизге окуу процессинде сунуш пикирлерин айтуу максатында эксперттик кеңешке аларды мүчө кылып киргизебиз. Окуу планы түзүлүп жатканда, алар өз пикирлерин, сунуштарын айтышат. Керегижок предметтерди кыскартып, керектүү предметтерди окуу кеңешине кошконго мүмүнчүлүктөр түзүлөт. Бул менен биз өзүбүздүн студенттерибизге ыңгайлуу шарт түзүп жатабыз деген ойдобуз.

 

Билим Уланбекова

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 11:05

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина