Улуттук Университет Жайыл райондук айыл өкмөттөрүнө жана мугалимдерге семинар — тренинг өтүштү

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 13, 2018 10:17

Улуттук Университет Жайыл райондук айыл өкмөттөрүнө жана мугалимдерге семинар — тренинг өтүштү

7 Улуттук Университеттин окумуштуулары, декандары жана адистер айыл өкмөт башчыларына, мугалимдерге семинар –тренинг, кесибин жогорулатуу боюнча иш чараларды өткөрүүдө

«2018-жыл региондорду өнүктүрүүнүн системалык өзгөрүшүнүн башталышы болушу керек. Бул бардык бийлик органдарынын жана жарандык коомдун аракетин талап кылат-деп Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2018-жыл Регионду өнүктүрүү жылы” – жарлыгына кол койгон.

Учурда, жарлыкка ылайык «Күчтүү регион – күчтүү мамлекет» деген чакырык астында иш аракеттер жүрүүдө. Албетте, жарлыкты толук кандуу ишке ашыруу үчүн мамлекеттин ар бир жараны кайдыгер калбашы керек.

Дегеним, кыргыз мамлекетинде окуу жайлардын көч башында турган 80 жылдан ашык тарыхы бар Жусуп Баласагына атныдагы Кыргыз Улуттук Университети Президенттин жарлыгын аткаруу максатында, окуу жайдын ректору Канат Садыковдун буйругу менен иш-чаралар иштелип чыгып, бекитилип, мугалим-адистер, декандар, профессорлор Кыргызстандын дубандарындагы ар бир райондун айыл өкмөттөрүнө семинар-тренинг өткөрүп, мектеп мугалимдеринин кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүү максатында атайын заманбап ыкмаларды колдонуу менен видео-лекциялар өткөрүлүп жатат.

9-июнь күнү Чүй облусунун Жайыл районуна Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университетинин проректору Т.Суранаев, Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин деканы Б. Шамшиев,Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин деканы Ж. Какишов, Педагогикалык факультеттин деканы Р.Сулайманова,Журналистика факультетинин деканы А.Дуйшекеева, Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы А.Бедельбаев,Химия жана химиялык технологиялар факультетинин деканы А.Зарипов, Биология факультетинин деканы Ш.Сулейманова, Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Р.Бейбутова, Башкаруу жана Бизнес факультетинин деканы М. Керимкулова, География, экология жана туризм факультетинин деканы Р.Токторова жана педагогика, психология, мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу, жер, жайыт, мамлекеттик сатып алуу, мамлекеттик жана жеке менчиктин оноктоштугу, уй булолук укук, муниципалдык каражатты башкаруу боюнча атайын адистер барып, Жайыл районунун айыл өкмөттөрүнө, жер боюнча адистерине жана мектеп мугалимдерине семинар-тренинг өткөрүштү.

Анда айыл өкмөт башчыларына жана жайыт, жер, таза суу менен иштеген айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин мугалим-адистери Ератов Искендер, Парманасова Айсулуу, Абдысатар Ташиев укук-ченемдик документтерди, кеңештерин беришип, айыл өкмөттөрү тарабынан даярдалган долбоорлорду кандай ишке ашыруу керек жана жарандар менен иштөө ыкмасы, жайыттардын пайдаланышы ж.б.у.с. жергиликтуу бийликке өтө керектүү болгон мыйзамдуу кеңештерин берип, пикир алмашуу, суроо-жооптор менен коштолуп, бүгүнкү күндө чечилбей жаткан кээ бир маселелеринин мыйзамдуу жолдору айтылды.

Жыйынтыгында, Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Максат Тилекматовго суроо салдык.

Бүгүнкү Кыргыз Улуттук Университеттинин өткөргөн семинар-тренинги кандай жыйынтык берет жана кандай өттү?

Абдан жакшы болду. Биринчиден, Улуттук университеттин демилгеси менен биздин Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын ортосунда коп тармактуу кызматташууга ректор Садыков Канат Жалилович менен аким- райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ногоев Турусбек Молдобекович кол коюшту. Келишимде негизги багыттардан болуп жергиликтуу адистердин,мугалимдердин жана мамлекеттик кызматкерлердин кеисптик чеберчиликтерин которуу жана билимдин сапатын которуу боюнча жаны ыкмаларды орто мектептерге киргизуу каралган. Ошондой эле дагы бир негизги багыттардан болуп райондун экономикасын, социалдык абалын мындан ары онуктуруу боюнча улуттук университеттин окумуштуулары менен бирдикте илимий изилдоолорду, бизнес пландарды жана долбоорлорду тузуу каралган.

Экинчиден, Улуттук Университетинин ректору Канат Садыковго, Турат Суранаев, Алайбек Шамшиев агайларга жана жамаатына ыраазычылык билдирип кетким келет. Ар бир профессордун, адистердин кеңеши бизге өтө керек. Жалпыга белгилүү болгондой 2017-жылы айыл өкмөттөрдүн көпчүлүгүнө кайра шайлоо болуп, жаңыланбадыбы. Ошондуктан, адисттер берген кеңештер мугалимдерге, айыл өкмөтүнүн башчыларына, кызматкерлерине бүгүнкү күндүн талабына жооп бергендей заманбап иштөөгө өбөлгө болот деп эсептейм.

Учурда, айыл өкмөттөрдө чечилбей жаткан көйгөлүү маселелери өтө көп. Кыргыз мамлекетинин көч башында турган окуу жай Улуттук Улуттук Университетинин профессор, декандары Президенттин “2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы” жарлыгын ишке ашырууда,аймактардагы айыл өкмөт башчыларын, мугалимдерге семинар-тренинг өткөрүп жатканы жакшы жөрөлгө. Ушуну менен токтоп калбай, жергиликтүү интеллигенцияны жок дегенде бир жылда бир окутуп турса жакшы болор эле.

Мугалимдер туралуу эмнелерди айта аласыз?

Албетте, мугалимдерге Кыргыз Улуттук Университетинин Педагогикалык факультетинин деканы доцент Сулайманова Рахаттын, педагогика илимдеринин доктору, профессор Карабалаева Гульмира мугалимдерге окутуунун заманбап ыкмалары туралуу видеолекциясы, ар бир профессорлордун өз тажырыйбаларын мугалимдерге менен бөлүшүүсү өтө жакшы болду деп ойлойм. Акырында квалификациями жогорулатуу семинар – тренингдин катышуучусу деген баракчаларын тапшырышты.

Менин оюмча Кыргызстандын бардык аймактарына ушундай семинар-тренинг өткөрүшсө, жакшы натыйжа берет деген ойдомун.

Гүлсүн Аманалиева

1 2 3 4 5 6 7

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 13, 2018 10:17

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина