Улуттук банктын алтын-валюта резерви 3,1 млрд долларды түзөт

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 1, 2020 12:06

Улуттук банктын алтын-валюта резерви 3,1 млрд долларды түзөт

10 Улуттук банктын алтын-валюта резерви 3,1 млрд долларды түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн валюта рыногундагы абал туруктуу.

«Улуттук банктын алтын-валюта резерви өзүнүн тарыхый максималдуу деңгээлине — 3,1 млрд долларга жеткен. Жөнөкөй тил менен айтканда, ал Улуттук банк түзүлгөндөн берки эң жогорку көрсөткүч болду. 3,1 млрд доллар өлкөбүздүн алты жарым айлык импортун жабууга жетет», — деди ал.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 1, 2020 12:06

Приемная кампания 2020

Элдик медицина