Улуттук банк ноябрда 5 ирет интервенция жасады

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 16, 2017 17:06

Улуттук банк ноябрда 5 ирет интервенция жасады

банк 16 Ноябрь, Бишкек. 8-ноябрдан бери Улуттук банк беш ирет интервенция жасады. Бул убакыт аралыгында банк 31 миллион 550 миң доллар саткан. Бул тууралуу банктын расмий сайтына жарыяланды.

Муну менен катар, 14-ноябрь күнү валюта рыногуна 3 миллион 100 миң доллар сатты.

Улуттук банк өткөн жылы 192 миллионго жакын доллар сатып алып, 150 миллион долларды саткан.

Доллардын Улуттук банк койгон расмий баасы 24-октябрда 1,3 сомго өсүп, 69,74 чегинде кармалып турат. Ал эми акча алмаштыруу жайларында валютанын баасы 70 сомго жетти.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 16, 2017 17:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина