Улугбек Ормонов: Фирмалар сүттүн баасын негизсиз арзандатты

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 16, 2017 17:09

Улугбек Ормонов: Фирмалар сүттүн баасын негизсиз арзандатты

молоко16 Ноябрь, Бишкек. Сүт сатып алуучу фирмалар кыргыз-казак чек арасындагы абалды шылтоолоп сүттү арзан алууда. Бул тууралуу парламентте «Бир Бол» фракциясынан депутат Улугбек Ормонов билдирди. 

Анын айтымында, фирмалар дыйкандардан сүттүн литрин 5-6 сомдон алып жатышат. Чүй облусундагы карапайым элден сүт сатып алуучу фирмалар кыргыз-казак чек арасындагы абалды шылтоолоп сүттүн баасын кескин түшүрүп жиберген. Ушул маселеге өкмөт көңүл буруп, чара көрүүсү керек. Анткени алар кыргыз мамлекетинин фирмасы.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 16, 2017 17:09

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина