Уланбек Мамразаков, «Бирик»жаштар кыймылынын лидери: «Сооронбай Жээнбеков ɵлкɵнүн жүгүн кɵтɵрɵ алат»

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 9, 2017 10:30

Уланбек Мамразаков, «Бирик»жаштар кыймылынын лидери: «Сооронбай Жээнбеков ɵлкɵнүн жүгүн кɵтɵрɵ алат»

?????????? Урматтуу мекендештер!!! Биздин алдыбызда чоӊ тарыхый милдет турат. Тактап айтканда, 15-октябрь күнү болочок президентибизди шайлайбыз. Сиздерге жакшы маалым, Атамбаев Алмазбек Шаршенович, ɵз кызматын ийгиликтүү ɵтɵп, элибиздин жашоо тиричилигинин жакшырышына, жылдап чечилбей келе жаткан мамлекеттик маселелерди тез арада жɵнгɵ салып, чечкиндүү лидер экендигин кɵрсɵтɵ алды. Бүгүнкү күндɵ, Кыргызстандын алыскы аймактарына чейинки жолдор оӊдолуп бүтүп калды, буга элибиз да ыраазы. Президентибиз баштаган иштерди Жээнбеков Сооронбай Шарипивич уланта алаарына биздин кɵзүбүз жетет. Анткени, С. Жээнбеков баардык жооптуу кызматтарды аркалады. Жемкорлуктан, саясий чыр чатактардан алыс болуп, ɵзүн чыныгы чарбачыл адам экендигин далилдей алды. Мындан улам, «Бирик» жаштар кыймылы алдыдагы Президенттин шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдойт. Ошондой эле, баардык тарапташтарымды, жалпы жаштарды да ушул талапкерге добуш берүүгɵ чакырам. Баарыӊыздарга ден-соолук жана бакубат турмуш каалайм!!

Урматым менен Уланбек Мамразаков

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 9, 2017 10:30

Парламент

Элдик медицина