УКМКдан «New TV» жана «NUR TV» телеканалдардын жетекчилерине эскертүү берилди

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 14:38

УКМКдан  «New TV» жана «NUR TV» телеканалдардын жетекчилерине эскертүү берилди

14 УКМК органдары тарабынан «New TV» жана «NUR TV» телерадио компанияларынын жетекчилери Шакиев Нурланбек Тургунбекович жана Келдибеков Бекболот Ахматбекович профилактикалык маекке чакырылды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Н. Шакиевге жана Б.Келдибековго чагымчыл видео материалдарды жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салуу боюнча расмий эскертүү жарыяланган.

«Айтылган жетекчилер бул нерсеге түшүнүү менен карап, алдыда мындай иш аракеттердин кайталанбастыгына милдеттенме алышты», — деп кошумчалашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 14:38

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина