УКМКда камакта жаткан саясатчылар ЖКнын депутаттарынан сурана башташыптыр

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 27, 2018 06:37

УКМКда камакта жаткан саясатчылар ЖКнын депутаттарынан сурана башташыптыр

5 Жогорку Кеңештин депутаттары, Акыйкатчы Кубат Оторбаев жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү менен бирге УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан саясатчылардан кабар алды.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 21-июнда акыйкатчы СИЗО мекемесинин шарттары менен таанышып, камактагы жарандар менен баарлашты.

Андан кийин ал жердеги депутаттар — Канат Исаев жана Осмонбек Артыкбаев, мурдагы премьер-министрлер — Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков менен жолукту. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын мурунку мэри Салайдин Авазовдон кабар алды.

Укук коргоочулар жана депутаттык комиссия алардын ар бири менен өзүнчө баарлашты. О.Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүп берүүнү суранган. Ал эми Ж.Сатыбалдиев жактоочулар менен жолугушуу зарыл экенин айтса, С.Авазов үй-бүлөсү менен жолугушууну өтүнгөн.

Ошентип, 27-июнь күнү камалган кээ бир саясатчылардын арыздануусун сот канаттандырбай, камакта калышты.

Ал эми, кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев кызматын тапшырды. Ал өзүнүн кайрылуусунда мындай деп айтылат:

“Акыйкатчы катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Ар бир адамдын, анын ичинде мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен иш билгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын-ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды”, — дей айтылат кайрылууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 27, 2018 06:37

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина