Токмоктогу ыктыярчылар «Жылмаюу тартуула» акциясын уюштурушту

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 19, 2020 10:36

Токмоктогу ыктыярчылар «Жылмаюу тартуула» акциясын уюштурушту

5 Токмок шаарындагы ыктыярчылар карыларга жылмаюу тартуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ыктыярчылар «Жылмаюу тартуула» акциясын уюштурушту. Алар бир нече күн бою шаардын көчөлөрүн кыдырып, улгайган адамдарга шарларды жана розаларды белек кылышты.

«Көчөлөрдөн элдин маанайын байкасаӊыз, көпчүлүгү күлбөй калышты. Анткени көйгөйлөрүбүз көп. Албетте, биздин кедей же бай экенибизге, оорулуубузга же ден соолугубузга, жаш-карыбызга карабастан ар бир адамдын көйгөйү бар. Ошол көйгөйлөрдү кайгыруу, көӊүл чөгүү менен ойлобой, алардан жылмаюу менен арылсак болот. Ошондуктан, күлүп, бири-бириңизге жылмаюу керек.

Мындан улам жогорудагы акция өттү. Эӊ кызыгы, алардын күтүүсүз белектерин алганда аябай капалуу кишилер дагы жылмайды», — деп айтылат маалыматта.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 19, 2020 10:36

Приемная кампания 2020

Элдик медицина