Токмоктогу аймактык ооруканада коронавирус менен 21 бейтап жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 19, 2020 10:35

Токмоктогу аймактык ооруканада  коронавирус менен 21 бейтап жатат

9 Чүй облусунун Токмок шаардык аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус менен ооруган 4 киши дарыланып жатат. Бул тууралуу аймактык ооруканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-октябрда эки адам коронавирус менен кайрылган.

«Айыгып чыккандар дагы болуп жатат. Ошол эле маалда ооруп келгендер да болуп жатат. Кечээ 1-2 киши айыгып кетти эле, бүгүн кайра 2 киши коронавирус илдети менен кайрылышты.

Бизде учурда пневмония менен ооруган 17 бейтап жана коронавирус менен ооруган 4 бейтап дарыланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 19, 2020 10:35

Приемная кампания 2020

Элдик медицина