Токмокто жаңы жылдык балаты орнотулду

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 14:05

Токмокто жаңы жылдык балаты орнотулду

20 Узап бара жаткан жыл дүйнө жүзү, анын ичинде кыргызстандыктар үчүн  эң кыйын жылдан болгонуна карабастан, элибиз эски жылды жакшы ниеттер менен узатып, жаңы жылдан  жаңы үмүт- кыялдарды, жакшылыктарды  жана өзгөрүүлөрдү  күтүүдө.

Учурда   мектеп окуучулары менен алардын ата-энелери  тарабынан  жаңы жылга  карата даярдыктар жакшы маанай менен коштолууда.  Жакында Токмок шаарынын мэриясы Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү менен бирдикте  окуучулар арасында   “Жаңы жылдык  оюнчуктар өз колубуз менен” жана “ХХI  кылымдын балатысы” аталыштагы  кароо-сынактарды өткөрүштү. Акыркы аталыштагы сынак  үч жылдан бери өткөрүлүп, окуучуларга жагымдуу маанай тартуулап келет. Бул тууралуу Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Анастасия Сергеевна Белова билдирди. Анын айтымында, токмоктук өспүрүмдөр шаардын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын  орнотулушуна карата  чоң даярдыктарды көрүп келишти.  Алар  кароо-сынакка өз колдору менен түрдүү материалдардан жаңы жылдык оюнчуктарды  жасап даярдашты. Жүздөн ашык өзгөчө дизайндагы жаңы жылдык оюнчуктар жыгачтан, кездемеден, пластиктен, кагаздан жана ар кандай  нукура табигый материалдардан жасалды. Эң мыкты деп табылган  20дан ашык жаңы жылдык оюнчук Токмок шаарынын борбордук аянтына орнотулган  балатыны кооздоого тандалып алынды.

Эскерте кетсек, аталган аянтта   орнотулган 12 метр бийиктиктеги жасалма  балаты  гирляндалар,  жашыл –көк түстөгү дюралайттар жана алтын түстөгү кар бүртүкчөлөрү менен   кооздолуп, шаар тургундарына жакшы маанай тартуулады.

Б.Байдылдаева

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 14:05

Приемная кампания 2020

Элдик медицина