Токмокто жаңы төрөт үйү ачылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 14:19

Токмокто жаңы төрөт үйү ачылды

6 -16-  ноябрда Токмок шаардык аймактык оорукананын аймагында жаңы  Төрөт үйүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш –чарага  Чүй облусунун ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн  биринчи орун басары  Элкинбек Аширбаев,  Токмок шаарынын мэри  Данияр Амангельдиев Токмок шаардык аймактык оорукананын  мүдүрү Бактыгүл  Исаева,  Мухаммад  Аль-Шайя жетектеген Кувейттик “Ас-Сафа Борборунун” өкүлдөрү,  КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин статс- катчысы  Калысбек Шадыханов, Токмокко жакын жайгашкан райондук ооруканалардын башкы дарыгерлери, медицина кызмакерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Белгилей кетсек, буга чейин төрөт бөлүмү аталган оорукананын эски имаратында жайгашып, заманбап талаптарга дал келген эмес. Жергиликтүү бийлик ээлеринин жана Токмок шаардык ооруканасынын  жетекчилигинин Кувейттик “Ас-Сафа борбору” кайрымдуулук фондуна  өтүнүч менен кайрылгандан кийин, Токмокто жаңы төрөт үйүн куруу тууралуу чечими кабыл алынган. 2019 — жылдын август айында төрөт үйү курулчу жерге капсула коюлуп,  куруу иштери башталган.  Таажы вирусунун пандемиясына  карабастан, куруу иштери  токтогон жок. Натыйжада,  Токмокто заманбап, бардык шарттары бар жаңы Төрөт үйү курулуп, кардарлары үчүн эшигин ачты.
Кувейттик “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун жетекчиси  Мухаммад  Аль-Шайя мырзанын айтымында,  пилоттук долбоордун алкагында биринчи ирет төрөт үйү Лейлекте курулуп, былтыр пайдаланууга берилген. Андан соң курулуш иштери Токмокто башталган. Быйыл Төрөт үйлөрүн куруу иштери өлкөнүн түштүк аймагында – Араван жана Өзгөн шаарларында улантылат. Аталган кайрымдуулук фондунун жардамы менен Кыргызстанда  27 ФАП, 6 –Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулуп, пайдаланууга берилген. Жакында дагы борбор калаада Балдар үчүн онкология бөлүмүнүн курулуш иштерин баштоо үчүн капсула салынды.
Токмокто ачылган жаңы Төрөт үйүндө көз жарганы келген аялдар үчүн ыңгайлуу, бардык шарттары бар кенен палаталар, ымыркайлар үчүн жылытуучу керебеттер, аларды ороочу стөлдөр, эне –бала үчүн эмеректери, жуунучу жайлары, дааратканалары  орун алган.
Токмоктук төрөт үйүнүн курулуш иштерине сарпталган 57 млн сомдун ичине бардык керектүү жабдууларын сатып алуу шарты каралган. Төрөт үйү 30 койкага эсептелген. Мында  2 төрөт залы, операция жасоочу зал, медперсонал үчүн атайын бөлмөлөр орун алган. Ошондой эле,  УЗИ жасоочу жана дем алдыруучу аппараттар, термометрлер жана башка керектүү жабдуулар менен камсыз кылынган.
Төрөт бөлүмүнүн башчысы Наргиза Саматованын айтымында, сутка ичинде  көз жаргандардын саны 10дон 15ке чейин жетет. Бөлүмдө  7  дарыгер жана 1 неонатолог –балдар дарыгери, 12 акушерка  жана 4 санитарка эмгектенет.
“Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду Төрөт үйүнүн имаратын куруп берсе, анын  айлана-тегерегин Токмок шаарынын мэриясы  жакшыртып, электр подстанциясын өткөрүп, борбордук жылытуу тутумуна коштурган.  Андыктан жаңы Төрөт үйүндө болочок эне-ымыркайлар үчүн бардык мыкты шарттар түзүлгөн.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 14:19

Приемная кампания 2020

Элдик медицина