Токмокто жаӊы салынган төрөт үйүнөн төрөлгөн алгачкы ымыркайлар чыгарылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 28, 2020 17:22

Токмокто жаӊы салынган төрөт үйүнөн төрөлгөн алгачкы ымыркайлар чыгарылды

 9 Токмок шаарындагы жаӊы салынган төрөт үйүнөн төрөлгөн алгачкы 3 ымыркай үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаардык аймактык ооруканасынын директору Бактыгүл Исаева билдирди.

Анын айтымында, жаңы төрөлгөн ымыркай — Ясина Губей ата-энесинин бешинчи баласы. Ал 24-ноябрда саат 23:15те жарык дүйнөгө келди. Ал эми Багышевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн бешинчи бала — Каниет 25-ноябрда саат 01:00дө жарыкка келди. Андан 15 мүнөттөн кийин Автандил Абдымажитовдун экинчи баласы төрөлдү.

 

«Биз бул ымыркайлардын ата-энелерине белектерди тапшырдык. Ата-энелерди вице-мэр Сергей Ступников да куттуктады», — деди ал.

 

Бүгүнкү күндө төрөт үйүндө 36 аял жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 28, 2020 17:22

Приемная кампания 2020

Элдик медицина