Токмокто шаар коопсуздугу көзөмөлдөнүп жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 11:11

Токмокто шаар коопсуздугу көзөмөлдөнүп жатат

2 Токмок шаарында кечки саат 20:30дан эртең мененки саат 08:00гө чейин ЖКККБнын 3 унаасы жана милиция кызматкерлери шаар коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүшөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, аларга элдик кошуундун 250 өкүлү жардам берүүдө.

«Аталган иш-чараны Токмок мэриясы толугу менен колдоп, керектелүүчү каражаттар менен камсыздап берди», — деп айтылат маалыматта.

Токмок шаарында 5-октябрдан бери шаардыктардын коопсуздугун элдик кошуундар камсыз кылып жатат.

Кеминде гарнизондук жыйын өткөрүлдү

9-октябрда Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын алдында гарнизондук жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.

Жыйынга райондогу ички иштер бөлүмүнүн, медицинанын кызматкерлери, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары жана мекеме-уюмдардын башчылары, элдик кошуундар катышты.

Райондо 2 шаар жана 11 айыл өкмөт бар.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 11:11

Приемная кампания 2020

Элдик медицина