Токмокто киши өлтүргөн кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:18

Токмокто киши өлтүргөн кармалды

14 Кылмышка кылтак

2019-жылдын 17-март күнү болжол менен саат 03:05 чамасында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул билдирүү боюнча окуя болгон жерге милициянын ыкчам тергөө тобу чыгышып, 25-30 жаш курактагы кишинин жансыз денесин табышкан. Кароо жүргүзүү учурунда анын денесине бычактан алган жаракаттар аныкталып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш учурунда каза болгон жарандын өздүгү такталып, ал 29 жаштагы Чүй районундагы жергиликтүү кеңешке өз алдынча шайланган депутат С.Т.  экендиги такталган.

Ошол эле күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Токмок шаарынын ИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 30 жаштагы Ш.Т. аттуу жаран бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Токмок шаарынын 24 жаштагы жашоочу С.Д. кармалып, Токмок шаарынын ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.Алдынала маалымат боюнча Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде бир топ балдардын ортосунда  уруш чыгып, жыйынтыгында бири каза болуп дагы бир жаран бычактан жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Баардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын келип чыгуу себептерин иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:18

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина