Токмокто кичи футбол боюнча мэрдин кубогу жыйынтыкталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:32

Токмокто кичи футбол боюнча мэрдин кубогу жыйынтыкталды

17 Токмок шаарында 2003-2004-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мэрдин Үмүт кубогу болуп өттү. Турнирде 10 команда күч сынашып, ал бир жумага созулду. Жыйынтыгында №6 мектеп 1-орунду алса, №7 мектеп 2-орунду, №3 мектептин командасы 3-орунду алып кетишти. Ошондой эле оюндун жыйынтыгы менен мыкты спортчулар да аныкталды.

«Мыкты дарбазачы» наамын №9 мектептен келген команданын оюнчусу Ч.Мирланов, «Мыкты чабуулчу» наамын №6 мектептин командасынын оюнчусу Р.Ахмедов, «Мыкты коргоочу» наамын №7 мектептин командасынын оюнчусу А.Рустанбеков, «Мыкты чабуулчу» наамын №3 мектептин командасында ойногон А.Хийманов алды. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө тиешелүү сыйлыктар тапшырылды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:32

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина