Токмокто ири мүйүздүү малдын баасы 5-8 миӊ сомго чейин түштү

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 28, 2020 17:18

Токмокто ири мүйүздүү малдын баасы 5-8 миӊ сомго чейин түштү

11 Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарда ири мүйүздүү малдын баасы 5-8 миӊ сомго түштү.

 

Акыркы учурда мал-жандыктар чет жакка дүӊүнөн сатылып, жергиликтүү базарларда эттин килограммы 400 сомдон 600 сомго чейин чыгып, эт азыктары болуп көрбөгөндөй кымбаттаган болчу. Мындан улам өкмөт азык-түлүк тартыштыгына жол бербөө жана калктын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында айрым айыл чарба товарларын Евразия экономикалык биримдигинин аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салган.

Соодагерлердин айтымында, айыл чарба товарларын сыртка ташып чыгууга тыюу салынгандан кийин биринчи базар күнү соода болгон эмес. Алардын көбү жүктөп келген малын кайра алып кетишкен.

Токмок шаардык мэриясынын берген маалыматы боюнча, ушул келе жаткан базар күндөрү малдын баасы мындан дагы түшүшү мүмкүн.

«Биз жергиликтүү ишкерлер, соодагерлерден сураганда өткөн базарда, тактап айтканда 22-ноябрь күнү ири мүйүздүү малдын баасы 5-8 миӊ сомго, кой-эчкинин баасы 1,5-2 миӊ сомго түшүптүр. Азыр баанын түшкөнү жакшы билинбей жатат.

Кийинки базар күнү так билинет. Азыр көбү мурунку бааны кармап турушат», — деп айтылат маалыматта.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 28, 2020 17:18

Приемная кампания 2020

Элдик медицина