Токмокто базар баасы кандай?

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 13:44

Токмокто базар баасы кандай?

2 — Токмок шаарынын «Булак» базарындагы мал эти жана көп колдонулуучу азык-түлүктөрдүн баасын аймактык кабарчы билди.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен уй эти 430-440 сом болсо, кой эти 440-450 сомду чапчыйт. Январь айында уй этинин баасы 400-410 сомдон, кой эти 370 сомдон сатылган.

Ал эми азык-түлүк бааларынан 1 литр өсүмдүк майы 150 сом (5 литр 730 сом) болсо, 1 килограмм ун 35 сом. Кумшекердин килограммы 62-65 сом болсо, картошканын килограммы 25-30 сомду түзөт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 13:44

Приемная кампания 2020

Элдик медицина