Токмок шаарындагы Масленица – жаз майрамы

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 21, 2021 12:54

Токмок шаарындагы Масленица – жаз майрамы

9 Токмок көп улуттуу шаар. Анда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү байыркы замандардан бери отурукташып, салтын, үрп-адатын, тил, маданиятын сактап келе жатышат. 14 –мартта Токмок шаарындагы Борбордук китепакананын аянтынын алдында токмоктуктар менен бирге шаардын меймандары салттуу Масленица майрамын чоң салтанат менен белгилешти. Эскерте кетсек, аталган майрам элдик сайрандоолор, анын жүрүшүндө чучелону (кепилди) өрттөө менен коштолуп, аны менен ызгаардуу кыштын кетишин, жаркыраган жаздын келишин саамагандыгын билдирген. Ал эми жаз мезгилин жаңы жылдын, өзгөрүүлөрдүн жана жаңылануунун символу катары тосуп алышкан. Элдик майрам оттордун күйүшү, от жалыны менен коштолуп келген. Бул жылы Масленица майрамы Россия элчилигинин колдоосу астында Семиречье казактарынын Кошунунун демилгеси менен өткөрүлдү. Пандемия учурунан баштап бул жолу Токмок шаарына Кант, Новопокровка жана Красная речка айылдарынын казактары менен бирге көптөгөн коноктор келишти. Алардын арасында Семиречье казачествосунун жаш кадеттери да болушту. Мекенчил жана патриоттук духта тарбияланган жаш кадеттер жана казачкалар өздөрүнүн майрамдык концертинде ыр-бийге болгон талантын гана көрсөтпөстөн, кылыч менен ойноо жана кол күрөшү боюнча шыгын, мыкты даярдыгын көрсөтүштү. Майрамдын катышуучуларын жергиликтүү “Славянки” хору жана “Жемчужина” бий тобунун таланттары өз өнөрлөрү менен кубандырышты. Майрамдын жүрүшүндө ар кандай оюн-зоок, викториналар жана сынактар өткөрүлдү. Анын жигердүү катышуучуларына жана жеңүүчүлөрүнө атайын жана таттуу сыйлыктар тапшырылды. Масленица майрамынын негизги азыгы – куймактар чай менен бирге майрамдын бардык катышуучуларына таратылды. Салт боюнча майрамдын соңунда ызгаардуу кыштын кепили өрттөлүп, ал оттун жалынына күйүп, жок болду. Майрам аны менен жаңы өзгөрүүлөр, жаңы ийгиликтер, жаздын келиши менен жылуу сезимдер келээрин билдирген үмүттөрдү жаратты.

Бактыгүл Байдылдаева

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 21, 2021 12:54

Приемная кампания 2020

Элдик медицина