Токмок шаарында кызматкерлери арасында спорттун 9 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 21, 2018 15:29

Токмок шаарында кызматкерлери арасында спорттун 9 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү

8 Токмок шаардык мэриясынын жана шаардык структуралык бөлүмдөрдүн кызматкерлери арасында 9-июлдан 16-июлга чейин спорттун 9 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мэр Данияр Амангелдиевдин айтымында, аталган спорттук мелдештин башкы максаты — жергиликтүү бийликтин кызматкерлери арасында дене тарбияны өнүктүрүү.

«Спорт — бул ден соолуктун булагы. Спортту даңазалоо максатында ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз. Ошондой эле  мыкты оюнчулардан шаардык тайпаларды түзүү да максаты бар»  деди ал.

Жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 21, 2018 15:29

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина