Токмок шаарында эл ташыган 15 айдоочу жумуштан кетти

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 13:12

Токмок шаарында эл ташыган 15 айдоочу жумуштан кетти

19 Бир айдан ашык убакытка созулган карантинден соң 3-июнда коомдук унаалар жанданып, ишин уланта башташкан. Мындан улам Токмок шаардык мэриясы калктын коопсуздугун камсыздоо, шаардын аймагында массалык ооруга жол бербөө максатында адамдар көп топтолгон коомдук жайларда, автобекеттерде дезинфекция иштерин тынымсыз жүргүзүп, маршруттук каттамдарды көзөмөлгө алган.

Маалым болгондой, калаа ичинде 110 маршруттук унаа иш алып барат.

«Айдоочулардын иш күнү таң эрте саат 05:30да башталат. Алгач медицина кызматкерлери тарабынан дене табы, ичимдик ичкени же ичпегени текшерилип, андан соң бригадирлер тарабынан автоунаанын ичи дезинфекцияланат. Бир нече каттам жүргүзүлгөн соң айдоочулар өздөрү антисептикалык каражаттарды колдонуу менен салондун ичиндеги кармагычтарды, каалганы тазалап, сүртүп турушат.

Азыркы учурда жергиликтүү ЖЧКга тиешелүү 110 маршруттук унаа бар. Анын мүдүрү Жаныш Жаркынбаевдин бизге берген маалыматы боюнча, айдоочуларга санитардык абалды, гигиенаны так сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилип, ар бир айдоочу антисептикалык каражат жана бет каптар менен камсыз болушкан», — деп билдиришти мэриядан.

Жаныш Жаркынбаев жүргүнчүлөрдүн бет кап тагынып жүрүүсүн талап кылуу натыйжасыз болуп жатканын белгиледи.

«Жүргүнчүлөр үчүн кире бериште чапталган эскертүүлөр да жардам бербей келет. Ачыгын айтканда, бет капты мажбурлап тагуу менен бирге бет капсыз адамды унаага салбай коюу да мүмкүн эмес болуп турат. Анткени мындай учурда абал курчуп, жүргүнчү менен айдоочунун ортосунда жаңжал чыгып, бири-бирине кол көтөргөн учур бир нече жолу кездешти. Мындан улам айдоочулар өздөрү бет кап менен иштеп жатышат», — деди ал.

Жогорудагы аталган 110 унаанын ичинен 50 унаа кичи райондорго каттайт.

«Айдоочулар бул жаатта да көйгөйлөр жаралып жатканын айтып өтүштү. Бир себеби, такси кызматындагылар коомдук унаанын токтоочу жайынан жүргүнчүлөрдү салып кетсе, экинчи себеби, унаа ичинде аралыкты сактоодо жүргүнчүлөрдүн санына чектөө коюлгандыктан көп адам салууга мүмкүн эмес. Мындан улам таксиден калган бирин-серин жүргүнчү (алар да көбүнчө пенсия курагындагы адамдар) менен бир топ аралыкка барууга туура келет. Бул себептерден улам акыркы бир ай ичинде 15тен ашык маршруттук унаанын айдоочулары жумуштан кетишти», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Фарида Садамкулованын айтымында, санитардык талапка баш ийбей, жүргүнчүлөрдүн белгиленген аралыкты сактабаганы жана бет капсыз жүргөнү үчүн айдоочуларга административдик айып пулдар салынган.

«Биздин кызматкерлер шаар ичиндеги коомдук каттамдар кайрадан иштеп баштагандан бери айдоочу жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келе жатышат. Ал эми маршруттук унааларды дезинфекциялоо боюнча токтоло турган болсок, күнүгө эртең менен саат 05:30да базар аймагында жайгашкан ички каттамынын унаа токтоочу жайында жана автобекеттеги аймактар аралык каттамдардагы унааларды дезинфекциялоо иштерин көзөмөлгө алып жатабыз. Айдоочуларга дезинфекциялык каражаттарды даярдоо жана колдонуу боюнча жеринен үйрөтүлүп, кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле бир жумадан ашык убакыттан бери көзөмөлдөө иштери болуп жатат. Анда санитардык талапка баш ийбей, жүргүнчүлөрдүн белгиленген аралыкты сактабагандыгы жана бет капсыз жүргөндүгү үчүн айдоочуларга административдик айып пулдар салынды», — деди ал.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 13:12

Приемная кампания 2020

Элдик медицина