Тогузайдан бери Кыргызстан COVID-19 пандемиясынын шартында жашап келе жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:10

Тогузайдан бери Кыргызстан COVID-19  пандемиясынын шартында жашап келе жатат

18 Кыргызстанда коронавируска чалдыгуу жана бул илдеттен өлүмдүн көрсөткүчтөрүнүн өсүшү байкалууда.

Тогузайдан бери Кыргызстан COVID-19  пандемиясынын шартында жашап келе жатат. Коркунучтуу, аз изилденген оорунун натыйжасында тоолуу өлкөбүздүн жашоочуларынын арасында өлүмдүн саны көбөйгөн мезгилде бул илдеттин кесепети кыргызстандыктарды ойлонто баштады.

Октябрдын ортосунан баштап, оору кайрадан Батыш Европа жана Россияда активдүү түрдө байкала баштады. Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын экинчи толкуну жөнүндө сөз боло башташты.

Өлкөбүздө COVID-19 оорусунун таралышын аныктоодо дарыгерлер ооруларды жана өлүмдөрдүн санынын көрсөткүчтөрүнө таяна баштады. Март айынын башынан бери Кыргызстанда  1498 адам коронавирустун курмандыгы болду. Өлүмдөрдүн көпчүлүгү июль айында болгон, анда күнүнө 80 өлүм жана 1500дөн ашык оруга чалдыккан учурлар катталган. Кыска мөөнөттүн ичинде коркунучтуу инфекция  жакындарыбыз менен туугандарыбыздын өмүрүн алып кеткенде, адамдардын үрөйү учкан.

Жайыл районунда абал август айынан бери жакшырды. Оорулуулардын көпчүлүгү айыгып кетишти. Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин жатаканасында жайгашкан күндузгү стационардан башка стационарлар жабылган.

Мына эми, кайрадан баарыбызды тынчсыздандырган жаңылыктар келе баштады. COVID-19 менен ооругандардын саны өсүүдө жана ушул белгисиз илдеттен каза болгондордун саны көбөйүүдө. COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Жайыл районунда 54 онлайн ыкчам штабдын отурумдары болуп, ага райондун тиешелүү кызматтарынын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышышты. Октябрь айында өткөн ыкчам штабдын акыркы отурумунда COVID-19 жана ооруканадан тышкаркы өпкө оорусунун андан ары жайылышына жол бербөө чаралары каралып, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Жайыл районунда рейддер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы No244 «COVID – 19 жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө «токтому менен бекитилген Убактылуу санитардык ченемдердин жана Эрежелердин талаптарын аткарууну көзөмөлгө койгон.   368 объектке мониторинг жүргүзүлүп, 62 санитардык көрсөтмө, 97000 сом суммасына 75 протокол түзүлдү. Бүгүнкү күндө Жайыл районунун Бириккен аймактык ооруканасына 47 адам жаткырылды, алардын отузунда  COVID-19 аныкталып, 17 адамга өпкө оорусу диагнозу коюлган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:10

Приемная кампания 2020

Элдик медицина